super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков Оштогу жаңы Калкты тейлөө борборуна барды (фото)

 

Бүгүн, 19-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Ош шаарында жаңы Калкты тейлөө борбору-2ге барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов президентке бул борбор Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында ачылып жатканы жөнүндө маалымат берди.

Жаңы ачылган мекеменин иши жаңы форматта жүргүзүлөт, бул жерде паспорт берүү кызматы жана жарандык актыларды каттоо боюнча жарым-жартылай кызмат көрсөтүлөт.

Ош шаарындагы Калкты тейлөө борбору-2 имаратынын аянты 300 чарчы метрге жакын, күнүнө миңге чейин адамды тейлей алат. Белгилеп кетчү жагдай, мындагы бардык кызматтар автоматташтырылган режимде көрсөтүлөт.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы ушундай эле жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору жакында Баткен облусунда ачылганын эске салды.

Президент Сооронбай Жээнбеков жаңы борбордун ачылышы жергиликтүү тургундар үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү бир кыйла жеңилдетип, алар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берерин канааттануу менен белгиледи.

Ал калктын суроо-талаптары менен иштөөдө максималдуу ыкчамдыкты жана ачыктыкты камсыз кылуу зарылдыгын баса белгиледи.

Мамлекет башчы өлкөдө санариптик трансформациялоонун алкагында мурда белгиленген мөөнөттөгү бардык пландаштырылган иш-чараларды тездетүүнүн жана аяктоонун маанилүү экенин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: