super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн, 6-август Аида Салянованын туулган күнү. Башкы прокурор 41 жашка толду

 

Бүгүн, 6-август башкы прокурор Аида Салянованын туулган күнү, ал 41 жашка толду. 2010-жылы 7-апрель окуясы болуп, өлкө оор абалда турган учурда Юстиция министрлигин жетектеп, 2011-жылдын 14-апрелинен бери башкы прокурорлук кызматты аркалап келет. Башкы прокурор катары "ушул айым башкы прокурор болуп турган учурда көптөгөн аткаминерлерге кылмыш иштери козголуп баштады" деген алкоо айткандар болсо, "ишин жөндөй албай жатат" деп сындагандар да жок эмес. Айта кетсек, Салянова 1972-жылы Нарын шаарында туулган. Бир уул, бир кыздын энеси. Элдин эсинде темирдей бекем прокурор, "ата журтчу" 4 депутат боюнча козголгон кылмыш ишиндеги негизги фигурант катары калары талашсыз. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: