super.kg logo
  Саясат  

Премьер-министр Кытай жана Орусия менен келишимдерди аткарууда создуктурууга жол бербөө керектигин айтты

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Орусиянын президенти жана Кытай Эл Республикасынын төрагасынын Кыргыз жерине болгон мамлекеттик сапарларынын алкагында кол коюлган эл аралык келишимдерди жана бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда тийиштүү мекеме жетекчилери өлкөлөр ортосундагы келишимдерди, ошондой эле VIII Кыргыз-Орусия аймактар аралык конференциясынын жана Кыргыз-Кытай бизнес-форумунун алкагында кол коюлган документтерди ишке ашыруу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Мухаммедкалый Абылгазиев буга чейинки жылдарда эл аралык келишимдерди аткарууда создуктуруу орун алганын айтып, мындан ары андай болбошу керектигин белгиледи.

"Министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери кол коюлган документтерге жеке жоопкерчиликти тартышат. Кабыл алынган чечимдерди аткаруунун жүрүшүн туруктуу негизде көзөмөлдөө жана документтерди ишке ашыруу жолдорун баскычтуу жазып чыгуу, жооптууларды аныктап, конкреттүү мөөнөттөрдү белгилөө зарыл. Түшкөн каражаттар түз максатында эң артыкчылыктуу чөйрөлөргө багытталышы үчүн биздин ишибизди тутумдаштыруу керек. Алар "жок болуп" кетпеши керек, мурдагыдай башаламандык эч болбошу зарыл. Биз экономикабыздын үзүрүн көрүш үчүн натыйжалуу өздөштүрүүгө тийишпиз. Биздин жарандар сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарын жакшы кабыл алышып, олуттуу натыйжаларды күтүп жатышат", - деди премьер-министр.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Мухаммедкалый Абылгазиев дагы бир ирет белгилегендей, бул эл аралык иш-чаралардын жүрүшүндө макулдашууларга жетишилип, алардын сапаты жана өз убагында аткарылышы ата мекендик экономиканы өнүктүрүү үчүн зор мааниге ээ.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: