Жети-Өгүз районунда мечитте 9 жаштагы бала сүннөткө отургузулган, бирок кан көп кеткенине байланыштуу ата-энеси ооруканага кайрылышкан
Жети-Өгүз районунда мечитте 9 жаштагы бала сүннөткө отургузулуп, бирок кан көп кеткенине байланыштуу ата-энеси ооруканага кайрылышкан. Учурда аталган окуя боюнча милиция териштирүү иштерин баштады. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 25-июль күнү орун алган. Анда 9 жаштагы баланы жергиликтүү мечиттердин биринен сүннөткө отургузгандан кийин түнү бою кан токтобой койгон. Натыйжада ата-энеси ооруканага кайрылышкан.
“Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда милиция кызматкерлери тарабынан териштирүү иштери башталды. Анын жыйынтыгы менен толук маалымат берилет”, - деп билдиришти милициядан.
Буга чейин Ысык-Көлдө 3 жаштагы бала сүннөткө отургузуу учурунда каза болуп калган. Анда баланы сүннөткө отургузуу үчүн жалпы наркоз сайылгандан кийин баланын аллергиясы башталып, ал көз жумган болчу.

Биринчи
Эмнеге мечитте суннот жасатат. Мечит бул ааламдардын падышасы жаратуучусуна сажда кылуучу жана урушканды жараштырган жер. А силерге ч....к кесе турган жер эмес. Оюнбу суннотко отургузуу силерге.
Экинчи
Суннотко 5.6жашында отургузат. 9жаш ото эле чон жаш.
Учунчу
балага бир нерсе болсо кескен эмес кестирген ата-эне куноокор болот!!!