super.kg logo

Сибирдеги токойдон чыккан өрттүн аянты 3 миллион гектарга жетти

 

Сибирдеги токойдон чыккан өрт 3 миллион гектар аянтты күйгүзүп кетти. Учурда өрттү өчүрүүгө мүмкүн болгон аймактарда 2 миң 715 өрт өчүрүүчүлөр жана 343 техника тартылган. Мындан тышкары 28 учуучу техника дагы тилсиз жоону өчүрүүгө катышып жатканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, өрттүн келип чыгышы жана анын жайылышына +30 градустан жогорку температура, кургак аба ырайы жана чагылгандын түшүүсү себеп болгон.

Акыркы маалыматтарга таянсак, учурда өрт Иркутск, Тюмень, Красноярск, Хабаровск, Пермь, Забайкалье аймагы, Якутия, Бурятия жана Ямало-Ненецк автономиялуу округуна жеткен. Күйүп жаткан аянттын басымдуу бөлүгү Якутияда 1 миллион 200 миң гектар, Красноярск аймагында 1 миллиондон ашык гектар, 700 миңге чукул гектар Иркутск облусунда экенин “Гринпис России” өрткө каршы программасынын жетекчиси Григорий Куксин маалымдаган.

Буга байланыштуу Иркутск, Красноярск, Бурятия жана Якутиянын бир нече райондоруна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Ал эми интернеттеги Сибирь Федералдык аймагында өзгөчө кырдаал режимин киргизүү петициясын 120 миңден ашык адамдар колдошту.

Өрттөн чыккан түтүн чектеш жайгашкан шаарларды дагы каптады. Тагыраак айтканда, түтүн Урал, Екатеринбург, Новосибирск, Омск, Тюмень, Пермь жана Челябинск шаарларына жеткен. Ал эми 25-июлдан баштап Казакстан жана Татарстандын айрым аймактарын каптаган. Аталган аймактардын тургундары өрткө карата эч кандай чаралар көрүлбөй жаткандыгын айтып, нааразычылыгын билдиришкен.

Гидрометеорологиянын алдын ала маалыматы боюнча өрт чыгып жаткан райондордо жакынкы күндөрү жаандын жаашы күтүлбөйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(10)
30.07.2019. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Атайлап орттошот жер керек болуп
30.07.2019. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Chungyz,Айнып калыпсың ооруканага көрүнүп кой е.
31.07.2019. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Chungyz,мен дагы укканмын атайлап өрттөп Москвадан акча бөлдүрүп өрт очурумуш болуп жүрө берет деп. Ал жакта жылда ушундай акыбал.
30.07.2019. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Акыркы сурот сонун чыгыптыр.
31.07.2019. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи токойлуу аймактарды болукко болуп кыркып строй материал жетпеген олколорго сатыш керек эле.ошондо баардык токойлуу аймак куймок эмес.3млн гк дын бир болукторун сактап калмак
31.07.2019. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кыргызстандан да чоң жер күйүп кетиптирда
31.07.2019. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Oshondoiraak. 3 миллон га = 30 000 кв.кл.
Кыргызтандын аянты 199 951 кв.кл.
Aza17 түзөттү 2019-07-31 13:10:48
31.07.2019. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токойдун асты чистый метанда(газ) ошого очурушо алышпайт.
03.08.2019. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байлык бийлик деген күнү келсе эч бир нерсе токтотуп кала алгыс нерсе тура. Россия токойу менен мактанып келет, эгерде бир эле ушундай табият кырсыгы келсе эч ким сактап кала албасын көзү жетти өңдөнөт
Айылда менин да тууганым бар эле чындыгында атасы(авабыз) мээнет кылып, бак-дарак эккен экен баласы бүт жерде мактанаар эле менин байлыгым түгөнгүс байлыгым бар жут келсе да менин бак дарактарым сактап калат деп. Арадан көп өтпөй атасы кайтыш болду ошол эле жылы катарынан 3 жыл суу келбей ка
03.08.2019. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калды эле катарынан багы куурап калган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: