super.kg logo
  Саясат  

Депутат Марлен Маматалиев: "Кыргыз-Тажик маселеси боюнча өзүбүздүн позициябызды карманышыбыз керек". КҮНСОБОЛ

 

13-мартта Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгон Тажикстандын жарандары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Вице-премьер Жеңиш Разаков менен Тажикстандын премьеринин орун басары Азим Иброхим кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюшкан. Саясатчы Камчыбек Ташиев бийлик өкүлдөрү Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча түзүлгөн жаңы протоколдун мазмунун элден жашырып жатканын айтып чыккан.

22-июлда Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда чыр кайталанды. Мындан улам эки өлкөнүн президенттери жолугушту. Бирок анын жыйынтыгында кандай чечим кабыл алынганы, ошондой эле ушул күнгө чейин жогорудагы протокол тууралуу да кенен маалымат бериле элек.

SUPER.KG порталы "Кыргыз-Тажик чек арасындагы март айында чыккан жаңжалдан кийин протоколго кол коюлган. Эмне үчүн ушул убакытка чейин ошол протокол ачыкталбай келет?" деген собол салды.

Депутат Марлен Маматалиев протокол ачык эле болгонун билдирди. "Март айында чыккан жаңжалда өкмөт 13 күндөн кийин реакция кылган. Биз өкмөттү сындап, палатага чакырып эмне үчүн кеч реакция болгонун сураганбыз. Ызы-чуунун баарысы Ворух анклавына бара турган жол боюнча болуп жатат. Биз позициябызды алдырбашыбыз керек. Жердин метр, сантиметри болсо да өзүбүздүн позицияны кармашыбыз шарт. Тажик тараптын жолду чогуу колдонолу дегенине макулдугубузду бербешибиз абзел", - дейт Маматалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: