super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков: "Атамбаевдин иши Кыргыз мамлекетинин мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш"

 

"Атамбаевдин иши Кыргыз мамлекетинин мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш" деп бүгүн, 31-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусундагы Панфилов районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

"Учурда Кыргыз жарандарын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндеги кырдаалга карата менин көз карашым кызыктырарын билем. Анын айланасындагы акыркы окуялар, күбө катары суракка чакырылып жатканы - бул мыйзам ченемдүү көрүнүш деп айтат элем. Мыйзамдуу өлкөдө мыйзамдын алкагында гана иш аракеттерди жүргүзүү керек. Кандай гана адам болбосун: мурдагы президентпи, чиновникпи, аскер кызматкериби же катардагы кызматкерби мыйзам баарына бирдей болуп, ар бирибиз ага баш ийишибиз керек. Ошондо гана өлкө өнүгөт. Менин көз карашым ушундай", - деди мамлекет башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 11 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: