Индияга барып боорун алмаштырган Милан Садыкжан уулу менен кайрымдуулук фондунун чыры
Былтыр август айында Милан Садыкжан уулу оор илдет менен күрөшүп жатканын айтып, кайдыгер карабаган адамдардан жардам сурап кайрылган. Кайдыгер эмес жарандардын жардамы менен керектүү сумма чогулуп, ага 12-октябрда 10 саатка созулган операция ийгиликтүү жасалган. Ал мекенине аман-эсен кайтып келген.
Интернетте "Кайрымдуу бол" фонду менен Милан Садыкжан уулунун ортосундагы болгон пикир келишпестик талкууга алынды. SUPER.KG порталы бул окуя боюнча аталган фонддун жетекчиси Азамат Байматовго байланышты.
"Коомдук фонд оору менен алышып кыйналган адамдарга жардам берүү менен алектенип келет. Муну көпчүлүк билет. Биздин Баткен облусуна баруубуздун биринчи максаты Миландын абалын суроо болду. Экинчи максатыбыз Милан элдин жардамы менен абалы жакшырып, операциясы ийгиликтүү өттү. Ошол эле убакта элде Милан операциядан кийин ашкан акчага унаа жана жер сатып алган деген пикирлер айтылып жатат. Маалыматтар, далилдер да бар. Мындан улам "бир кезде өзүңө окшоп, акчадан кыйналып, оор илдетке кабылгандарга жардамыңды берип кой. Сен өз чөнтөгүңдөн бербей элесиң го. Булар деле айыгып кетсин" деген сунуш айттык. Биз ал жакта эч кандай өкүмзордук көрсөткөн жокпуз. Ошондой эле биз менен Миланга ооруп жаткандардын апалары кошо барышкан. Бирок ал "мен силерге карыз эмесмин, эч нерсе бере албайм" деди. Ал сөздөрдү камерага тартып жатканбыз. Анан камераны зыянга учуратып, ичиндеги флешканы тартып алды.
Ортодо чыр чыкты. Мен ага сен ушундай адамдын жардамы менен бутка турдуң деп айттым.
Биздин фонддо жардамга муктаж болуп келген адамдарга маалыматтык колдоо көрсөтүлөт. Биз Миланга ушунча миң доллар акча чогулган деп айта албайбыз. Бирок үй менен унааны элден түшкөн акчага алды деген маалыматтарды далилдеп бергенге аракет кылабыз", - деди Байматов.
Ошол эле убакта Милан Садыкжан уулуна байланышып, төмөнкүдөй жоопту алдык.
Индияга барып боорун алмаштырган Милан Садыкжан уулу менен кайрымдуулук фондунун чыры

Машина, үй зарыл эмес го, өзүнүн башынан өткөн, өзүнө окшоп жаткан бирөөгө бекер келген акчаны ьерип эле койсо болмок.
Бир эле Милан учун тузулгон эмес. Дагы коптогон оорулууларга жардамы керек. Анан баары эле айыгып алып баары меники десе эртен кайсы фонд иштейт? Америкадан келип бизге куйобу?
Азыр миндеген жарандар гепапит менен ооруп, жардамга муктаж!!
"Кайрымдуулукка" дегенден кийин ал акчаны доолап баруу адамгерчиликке жатпайт. Айрыкча "Кайрымдуу бол" фондуна туура келбеген жорук. Элден акча жыйнаардан мурда кете турган чыгымдарды толук, так эсептеп чыгып, ошол акчаны гана беришет болуш керек. Анан кантип 7000$ артып калсын? Милан да туура эмес мамиле жасаптыр. Эки жакта тен куноо бар. Эгер алганын уй-машинасы чын эле элдин акчасынан кетпесечи?? Далилдери болсо фонд "мына" дешсин. Элдин сөзүн угуп алып же
Бир жылда Бир машина менен тамарканы россияда жакшы иштеген адамдарда ала алышпайт индиядан келип еле Хонда инспайр алса баарысы эле ошол ойду ойлошотко.
Акча акча акча всё ты решаешь дейт беле