super.kg logo

Бишкекте өтчү “Мен - бийчи” фестивалына британиялык белгилүү ырчы Крейг Дэвид келет

 

12-14-сентябрда Бишкекте өтө турган "Мен - бийчи" (Я - танцор) фестивалына британиялык белгилүү ырчы Крейг Дэвид келет. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта маалымат жыйында фестивалдын уюштуруучулары билдирди. Быйылкы фестиваль былтыркыга караганда кеңири форматта өтүп, Хендай Соната унаасы сайылган лотерея ойнотулат. Автоунаа утуп алыш үчүн  70 сомдук купондор сатылат. Мындан тышкары фестивалда дүйнөгө белгилүү бийчилерден мастер-класстар көрсөтүлөт. Крейг Дэвид бир саат бою белгилүү ырларын тартууламакчы. Фестивалдын алып баруучулары Казакстан жана Украинадан келген белгилүү Mc Zu жана Mc Vag болот. “Мен - бийчи” фестивалы Бишкек шаарынын 135-жылдыгына карата Бишкек шаардык мэриянын колдоосу менен борбордук стадиондо өткөрүлөт.       






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: