super.kg logo

Москвада 25 жаштагы Кыргыз жаранынын өлүмүнө 3 улутчул өспүрүм шектелүүдө

 

Үч улутчул өспүрүм Кыргыз өлкөсүнүн жаранын өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу орусиялык "Московский Комсомолец" басылмасы жазып, шектүүлөр Москвадан кармалганын белгилеген.

Анда жазылгандай, өспүрүмдөр өздөрүнүн идеяларын социалдык тармактарга пропагандалап да турушкан.

"Кылмыш 26-июлда Малые Каменщики көчөсүндө болгон. Ошол күнү саат 22:00гө жакын 3 дос биргеликте сыра ичишкен. Алардын бири 19 жаштагы Константин, спорттук буюмдар сатылган дүкөндө кеңешчи болуп иштейт, 18 жаштагы Григорий жана 17 жаштагы Антон (үчөөнүн тең аты өзгөртүлгөн). Ошол учурда алардын жанынан 2 Кыргыз жараны өтүп бара жаткан. Анын бири 25, экинчиси 32 жашта. Мигранттар экөө тең курулушта иштешкен жана жумуштан жашаган жерине кайтып бара жатышкан.

Константин өз көрсөтмөсүндө мигранттар аларды башкача карагандай же жаман сөздөрдү айткандай туюлганын айткан. Андан кийин Константин газ баллонун алып чыгып алардын бетине чачып салган. Ортодо талаш-тартыш жаралып, өспүрүмдөр жанындагы бычагын алып чыгышкан. Бычак ар биринде болгон, бирок алардын ичинен кимиси сайганы белгисиз. Эки дос өздөрүнүн эң кичүү жолдошуна каршы көрсөтмө беришкен.

25 жаштагы Кыргыз жаранынын артына бычак сайылып, алган жаракатынан улам кылмыш болгон жерден көз жумган. Ал эми анын жанындагы 32 жаштагы шериги колунан жаракат алып качып кетүүгө үлгүргөн", - деп жазылат маалыматта.

Маалыматта белгиленгендей, окуядан кийин өспүрүмдөр үйлөрүнө тарап кетишкен. Бир аптадан кийин полиция кызматкерлери алардын аты-жөнүн тактап үйлөрүнө барышкан. Алардын үйлөрүнөн компьютер, телефондорунан тышкары бычактын түрлөрү, улутчулдукка чакырган сүрөттөр бар атайын кийимдер табылган.

"3 өспүрүмдүн арасынан Антон өзүнүн чөйрөсүндө "Белый" деген ат менен белгилүү экени аныкталды. Ага улутчулдук идеясын жайылткан интернеттеги баракчасында көптөгөн комментарийлер жазылып, айрымдар аны устат деп жазышкан. Анын жакындары мындай иштерге аралашып жүргөнүн билишкен жана токтотуу аракетин көрүшкөн. Ушул жылдын май айында эле тартип бузганы үчүн полиция кармаган", - деп кошумчаланат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(1)
06.08.2019. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайында жаннаттан болсун класташым эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: