super.kg logo
  Саясат  

Жарандык активист Айбек Мырза Солтон-Сарыдагы чыр боюнча: "Өкмөттүн саясатынын жыйынтыгы элдин нааразычылыгын алып келди". КҮНСОБОЛ

 

3-августта Солтон-Сарыдагы алтын кенин иштеткен "Zhong Ji Mining" кытай компаниясы менен жергиликтүү тургундардын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Чыр 5-августта да уланып, 500дөн ашык адам чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык "Zhong Ji Mining" компаниясына барган. Алар компаниянын кызматкерлерин кендин аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылышты.

Бүгүн өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешме өткөрүп, эгерде ушул сыяктуу окуялар үчүн адамдар ишканаларды жабууну талап кыла беришсе, инвесторлор бизден баш тарта турганын айтты.

SUPER.KG порталы "Солтон-Сары кениндеги чырдын токтобой жатышы өкмөттүн чечкинсиз ишинин жыйынтыгыбы?" деген собол салды.

Жарандык автивист Айбек Мырза бул окуя өкмөттүн чабалдыгынан, алсыздыгынан келип чыкканын айтты. "Эл өкмөткө ишенбей калды. Окуя болгон жерге өкмөт өкүлдөрү барса дагы эл тоготпой жатат. Бул элдин ишеними кетти дегенди түшүндүрөт. Буга чейин бийлик элди ойлобой бир гана акчаны ойлоп, чет мамлекеттик шылуун ишканалардын кызыкчылыгын коргогондун кесепетинен ушундай чыр чыкты. Бизде мындай мисалдар көп болгон. Өкмөттүн саясатынын жыйынтыгы элдин нааразычылыгын алып келди. Өкмөт иш билген, репутациясы жакшы инвесторлорду тандаш керек", - дейт Айбек Мырза.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: