super.kg logo
  Саясат  

Жарандык активист Гүлжигит Исаков: "2010-жылдан кийин өлкөдө ырааттуу ички, тышкы саясат жүрбөй калды". КҮНСОБОЛ

 

3-августта Солтон-Сарыдагы алтын кенин иштеткен "Zhong Ji Mining" кытай компаниясы менен жергиликтүү тургундардын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Чыр 5-августта да уланып, 500дөн ашык адам чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык "Zhong Ji Mining" компаниясына барган. Алар компаниянын кызматкерлерин кендин аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылышты.

Бүгүн өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешме өткөрүп, эгерде ушул сыяктуу окуялар үчүн адамдар ишканаларды жабууну талап кыла беришсе, инвесторлор бизден баш тарта турганын айтты.

SUPER.KG порталы "Солтон-Сары кениндеги чырдын токтобой жатышы өкмөттүн чечкинсиз ишинин жыйынтыгыбы?" деген собол салды.

Жарандык активист Гүлжигит Исаков майда маселеби, чоң маселеби айырмасы жок, бул багытта кайдыгер болбошубуз зарыл деген пикирде.

"Тилекке каршы, 2010-жылдан кийин өлкөдө ыраттуу ички, тышкы саясат жүрбөй калды. Биз феодалдык мамлекеттей эле иш-аракеттерди жүргүзүп жатабыз. Кытай болобу же башка чет өлкөлүктөрбү, аларды күнөөлөөдөн мурун өз ичибиздеги эрежелердин сакталбагандыгын, такталбагандыгын биринчи орунга коюшубуз керек.

Инвесторлор деле жакшы ниеттүү жана жаман ниеттүү деп бөлүнөт. Жакшы ниеттүүлөр мыйзам так иштеп, алар мыйзамдын үстөмдүгүнө ишенген учурда гана келет. Ал эми жаман ниеттүү инвесторлор бийлиги саткын болсо аларга бир аз тыйын берип улуттук баалуулуктарды алып чыга берет. Майда маселеби, чоң маселеби айырмасы жок. Ушул багытта кайдыгер болбошубуз зарыл. Коомчулукту туура эмес маалымат менен сугара бербей бул маселени жапа тырмак күн тартибине чыгарып турушубуз керек", - дейт Исаков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: