Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү: "Алтын кенин иштеткен кытай компаниясынын иши токтотулат деген корутунду чыкты"
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Солтон-Сарыдагы алтын кенин иштеткен "Жоңжи майниң" ("Zhong Ji Mining") кытай компаниясынын иши токтотулат деген корутунду чыгарды. Мындай маалыматты бүгүн, 6-августта өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов эл менен жолугушуу учурунда билдирди.
Азыркы тапта Солтон-Сарыга барган өкмөт өкүлдөрү өз алдынча жыйын өткөрүп жатканын жеринде жүргөн кабарчыбыз маалымдады. Анда элдин койгон талаптары каралууда.
Эл өкмөт өкүлдөрүнө эки талап койгон. Алар:
1. Алтын кенин иштеткен "Жоңжи майниң" ("Zhong Ji Mining") кытай компаниясынан лицензияны алуу;
2. Азыркы Нарын районунун акимин, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүн кызматтан алуу.
Солтон-Сары кенинин иштешине каршы чыккандардын пикири жана өкмөт өкүлүнүн ага жообу
Автор: Амирбек Исмаилов
Оператор: Руслан Алыбаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
4

Элдин алтындары бут эле инвестор деген аты бар чет элдик ууру-мафиялар менен биздин жепжутар бийликтин чонтогуно кетип жатат уурдалып. Бербегиле ата-бабанардан силерге мурас калган алтын-кумушту жат бироолорго!
Окмот лицензияны биротоло жокко чыгарсын, ННарындын аким менен губернатору кетсин!
Инвесторду сыйлаш керек, алар иштеш керек деп догурунуп жатат. Тогуз-Тороодо эл чогулганда да басып барбай, элди кабыл албай, кытайлардын мыйзамсыз курулуп жаткан заводун эл орттогондон кийин кытайларды кабыл алган бул адам. Тогуз-Тороолук байкуштар абакта жатат.
Андыктан катуу тургула. Талаптарынар аткарылганча.
Чет элдик инвесторлор жайытынарды талкалап, сууну уулап, алтын-кумушунорду ташып кетет, ордуна миндеген тонна уулуу калдык калтырып. Казылган алтындын пайдасын эл эмес, каздырган кытайлар менен бийликтеги шылуундар корот.
Андыктан аягына чейин тургула, бут Кыргызстан эли силер менен!
Кытайлыктар мыйзамды сыйлайт дейт, созунун баары калп.
Озгондо кытайлар мас болуп жергиликтуу жаранды барымтага алып, жергиликтуу эл менен мушташканы, Бишкекте кытайлар милицияны уруп токмоктоп кубалап, акыры милициялар коптоп кармаганы, Чаткалда кытайлар жергиликтуу элдерди барымтага алып камап койгону,
Кыргызстанда адал эмгеги менен нан тапкан кытай аз. Кыргызстандагы кытай ишканаларынын 99% коррупцияга кекиртегине чейин малынгандар...
Кытай элчилигине Бишкектин чок ортосунан 3 гектар жер "подарка" кылды Соке былтыры, Бишкек мэриясында "спектакль" корсотуп...
Айтор, кытайлардан жакшылык кутпой эле койгула...
ТЭО, тушкон пайда толук 100% озубузго калуусу зарыл, себеби карызды проценти менен кыргыздар толой турган болгондон кийин.