super.kg logo
  Саясат  

Солтон-Сары кениндеги лицензияларды ким жана качан берген?

 

Өкмөт лицензияларды берүү процедурасына болгон мамилени түп-тамырынан өзгөртүү жана инвесторлор менен иштөө принциптерин жалпы жонунан реформалоо боюнча активдүү иштерди алып барууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, "Zhong Ji Mining" компаниясы Солтон-Сары кенинде 2009-жылдан тартып иштейт. "Солтон-Сары кени Бишкек шаарынан 355 чакырым аралыкта, Нарын облусундагы Капка-Таш тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 3500-3600 метр бийиктикте жайгашкан. Татаалдыгы боюнча 4-топко кирет. Кен-Бучук жана Алтын-Төр деген 2 жер тилкесинен турат.

Биринчи лицензия 2009-жылы өкмөткө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Капар Курманалиев тарабынан берилген. Кийин уруксат кагаздарын 2011-жылы Замирбек Эсенаманов, 2014-жылы Дүйшөнбек Зилалиев, 2018-жылы Сүйүнтбек Аликеев берген. Акыркы уруксат кагазын 2018-жылы 9-февралда Сапар Исаков башында турган өкмөттүн иши мезгилинде алган.

3228 АЕ лицензиясы - 2013-жылдын 4-февралында 2033-жылдын 4-февралына чейин Солтон-Сары кенинин Бучук жер тилкесинен алтын казууга 20 жылга уруксат берилген. Лицензияны өкмөткө караштуу Геология жана суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Ишимбай Чунуевден алышкан", - деп жазылат маалыматта.

3-августта Солтон-Сарыдагы алтын кенин иштеткен "Zhong Ji Mining" кытай компаниясы менен жергиликтүү тургундардын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Чыр 5-августта да уланып, 500дөн ашык адам чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык "Zhong Ji Mining" компаниясына барган. Алар компаниянын кызматкерлерин кендин аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: