super.kg logo
  Саясат  

Депутат Мирлан Бакиров: "Жолду тосуу элдин үнүн жеткирүүнүн бирден бир ыкмасы болуп калды". КҮНСОБОЛ

 

Солтон-Сарыда алтын кенин иштеткен кытай компаниясы менен жергиликтүү тургундардын чырына чекит коюла элек. Кечээ, 6-августта компаниянын ишмердүүлүгүнө каршы чыгышкан жергиликтүү тургундар талаптарына бийлик кулак салсын деген максатта Бишкек-Нарын-Торугарт жолун жабабыз деп Он-Арча айылына келишип, боз үй тигишкен.

2014-жылы Кылмыш-жаза кодексине киргизилген түзөтүүлөргө ылайык, стратегиялык маанидеги унаа жолун мыйзамсыз тоскондор кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

SUPER.KG порталы "Жолду тосуу кылмыш болуп саналат. Анда элдин үнүн ким угат?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров: "Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиевдин тарапташтары жол тосууга чыккан. Ошондо өкмөт тарабынан жол тоскондорду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзамын демилгелеген. Жолду тосуу элдин үнүн жеткирүүнүн бирден бир ыкмасы болуп калды. Көйгөйлөр башка жакта айтылган болсо түз жетпей жатат. Эл айла жоктон ушундай кадамдарга барып жатат. Жолду тоскондо башка жүргүнчүлөргө тоскоолдук жаралып калат", - дейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: