super.kg logo

Кой-Таштагы жаңжалдан жалпысынан 36 адам жабыркады (хронология)

 

Кой-Таштагы жаңжалдан жабыркагандардын саны 36га жетти. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады. Жабыркагандар саат канчада, кайсы ооруканага кайрылганы боюнча тизме.

20:20. Чүй облустук "Тез жардам" кызматына Кой-Таш айылынан билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматынын 5 бригадасы жана кошумча Бишкек шаарынын "Тез жардам" кызматынын 3 бригадасы жөнөтүлдү.

Чүй облустук ооруканасына "Тез жардам" кызматы менен 2 адам жеткирилген. Жабыркагандардын көкүрөк тушуна резина огу тийген. Алардын абалы орто деп бааланып, медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

21:50. Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 5 киши келип түшкөн.

22:30. Денесинен ар түрдүү жаракаттарды алган 10 адам Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы ооруканаларга келип түшкөн. Алардын экөөсүнүн көкүрөк тушуна резина огу тийген. Дагы бирөөсүнүн баш мээси чайкалган. Абалдары орто деп бааланууда. Бул 3 жабырлануучу Чүй облустук ооруканасында медициналык жардам алып жатат. Ал эми Бишкектеги Улуттук госпиталга билегинен жана көзүнөн жаракат алган жаран кайрылган. Ошондой эле Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 6 жабырлануучу кайрылган. Алардын бирине тез арада операция жасоо каралган. Калгандарынын абалы орто.

22:50. Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна күч түзүмдөрүнөн 1 кызматкер кайрылганын "Тез жардам" кызматынын башкы дарыгери Искендер Шаяхметов маалымдаган.

3 адам Чүй облустук бириктирилген ооруканасына кайрылган.

23:25. Көрсөтүлгөн убакытка карата алынган маалыматка ылайык, жалпысынан 15 киши жаракат алган.

00:30. Жабыркагандардын саны 23кө жетти. Алардын экөөсү күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери.

Бир адам амбулатордук дарыланууга жиберилген.

00:55. Бул саатка карата жабыркагандардын жалпы саны 36 кишиге жетти. Алардын 15и күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери. 1 атайын даярдыктагы жоокердин абалы оор болуп, тез арада операция жасоо каралган. Көрсөтүлгөн жардамга карабай жабырлануучу каза болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(15)
08.08.2019. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колуңардан кокотикенекта келбептирго СПЕЦНАЗ болумуштар, бир алкашты кармай албай жүдөпсүңөрго 15 иң жарадар болуп. Аша ЖК сына Президентин кошуп түнү менен дүрбөлөңгө салып ийдиго, өлкө ишенген СПЕЦНАЗ ынын мизин кайтарып. Молодец Аша, өзүңдү өзүң сактап калдың, тиги сөмтүрөйгөн СПЕЦНАЗы эми эртең кайрадан баштайтко операциясын!!!.
08.08.2019. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
JENTLEMAN,Аша арак ичип жатканда стриптиз бийлеп берип турдун беле?
08.08.2019. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Соке бир болсо, элдин конулун Солтон-Сарыдагы чыналуудан башкага буруу, элди алаксытуу максатында ушундай акмак кадамга барышы мумкун...

Анткени Солтон-Сарыда да абал курч турат. Ага да Окмот менен Соке куноолуу, кытайдын адвокаты болуп элдин талаптары менен эсептешпей жатышканы учун. Элдин унун укпай, элдин укугунан оз чонтокторун жогору койгону учун...

Бир эле Солтон-Сары эмес, Кумтор баш болгон бардык алтын кенденин жабыш керек.
08.08.2019. 03:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
-Dybala-,кошулам сизге)))
08.08.2019. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
JENTLEMAN,сен да АШАнын үйүндө курсагынды тогозуп жүргөндөрдүн бири окшойсун бул жерде адам өлүп атат.АША бийликке кан төгүп келген эми да жөн отурбай карапайым калктын канын төгүп жатат ылайым ошолордун убалы урсун.
08.08.2019. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атамбаев красавчик!
08.08.2019. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
жазасын тартсын САтамбаев кыргызды сатып бутту
08.08.2019. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жакшы иш болбоду,шерменде эле болду
08.08.2019. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Путиндин сценарийси менен хит клип тартылды!башкы ролдо Атамбаев жана Жээнбеков болду!
Bekturbek түзөттү 2019-08-08 03:21:16
08.08.2019. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят эле Атамбай дагы Соке дагы к*** экен кармай албаса законду иштете албаса не кылып отурам соке аша дагы тероодон далилдесе болот эле ак экенин
08.08.2019. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер Dj.бан кылып жоготчу провокатор бул элди экиге болуп жарган тойгузду ушул диваный герой
08.08.2019. 05:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Каяка кирбе эл экиге болунуп...Ушу силерди башкалар...ИГИЛ келип бир кырса. Ошондо ынтымактуу болмоксунар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: