super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтөт

 

8-августта Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибрагим Нуракун уулу билдирди.

Азырынча саат канчада өтөрү белгисиз, учурда такталып жатат.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева социалдык тармактагы баракчасына мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иши мыйзам чегинде ишке ашуусу керектигин жазып чыкты.

"Кандай болгон күндө да карапайым эл жабыр тартпоосуна эки тарап тең жол бербеши керек. Кыргыз мамлекети - кичинекей өлкө. Мыйзамды сыйлаган өлкө катары дүйнөгө белгилүү. Биз кийинки муундар үчүн, жаркын келечегибиз үчүн, бардык иш-аракеттер мыйзам чегинде болуусун көзөмөлдөөгө тийишпиз жана милдеттүүбүз. Айрым кесиптештер депутаттар менен сүйлөшүп, эртең Жогорку Кеңешке келебиз деп чечти.

Бирок Жогорку Кеңештин Регламентинин 77-берене, 3-пункту боюнча Жогорку Кеңештин кезексиз сессиялары президенттин, өкмөттүн же Жогорку Кеңештин депутаттарынын кеминде үчтөн биринин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин төрагасы тарабынан чакырылат. 40тан кем эмес депутат кол коюшу керек", - деп жазды Касымалиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: