№27 түзөтүү колониясында кыйноолор болуп жатабы? Окуянын чоо-жайы



SUPER.KG порталына Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молдовановка айылында жайгашкан №27 түзөтүү колониясында кыйноолор болуп жатканын айтып, сот жообуна тартылган жарандардын жакындары кайрылышты.
Алардын айтымында, 9-август күнү №27 түзөтүү колониясында жазаларын өтөп жаткан Улан Керимбаев жана Нурлан Нурсултан уулу аттуу жарандарды эч кандай негизсиз колониянын айып изоляторуна которуп салышкан. Азыр айып изоляторундагылар денелерин кескилеп, ооздорун тигип, ачкачылык жарыялап жатат дейт бизге кайрылгандардын бири Миргүл Исмаил кызы.
"Жолдошум Улан Керимбаев "бейбаштык" беренеси боюнча камакка алынып, 5 жылга эркинен ажыратылган. Быйыл 2-августта жазасын өтөп чыкмак, акыркы 8 айын туура эмес эсептешкени үчүн соттон кулап калды. Менин угушум боюнча 9-август күнү булар 4 бала болуп карта ойноп жатышкан. Колониянын кызматкери келип картаны алып койгондо бирөөсү аны чаап салат. Анан жолдошум менен Нурсултан деген бала аларды ажыратайын десе баарын айып изоляторуна отургузуп салыптыр. Азыр алар ооздору тигилген, денелери кесилген, ачкачылык жарыялап жатышыптыр. Эмнеге кызматкерге кол көтөргөн баланы изоляторго отургузбай жатат?" - дейт ал.
Аталган окуяга тиешеси бар делингендердин биринин атасы Нурлан Шерипбаев уулуна карата ар кандай кыйноолор болуп жаткандыгын, абалы оор экендигин угуп келгенин айтат.
"Уулум Нурсултан Нурлан уулу "уурулук" беренеси боюнча жазасын өтөп, чыгайын деп калган болчу. Ага карата ар кандай кыйноолор болуп жатканын уктум. Бул жакта кызматкерлер да "караларга" салып беребиз, колуңардан эмне келет деп кордошот экен", - деди Шерипбаев.
Абактагылардын жакындарына №27 түзөтүү колониясынын башчысы Элдияр Асанбаев кыйноолор боюнча эч кандай билдирүү болбогонун айтып, окуянын чоо-жайын түшүндүрүп берди.
"9-август күнү уктоого кеткенден кийин менин иш-бөлмөмдүн артындагы соттолуучулар жашаган жерде ызы-чуу болгонун угуп, бири-бирине зыян келтирип алышпасын деп кызматкерлерди жибергем. Кызматкерлер келгенде алар кумар оюндарын ойноп жатышыптыр. Аларды ажыратуу учурунда кызматкерлерге каршылык көрсөтүү аракеттери болгон үчүн алар 15 күнгө айып изоляторуна камалды".
№27 түзөтүү колониясынын башчысы айып изоляторунда отургандардын жакындарына 15 күндүк жазасын 7 күнгө, кийин 5 күнгө азайтып берерин жана азыркы учурда эч кандай жолугушуулар болбой турганын айтып жолго салды.
№27 түзөтүү колониясында кыйноолор болуп жатабы? Окуянын чоо-жайы...





1 |