super.kg logo

Баткен облусунун прокурорунун өлүмүнө айыпталып жаткан жаран ачкачылыкты токтотту

 

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө айыпталып жаткан Мелис Калыков 5-августтан баштап ачкачылык жарыялаган. Айыпталуучу ачкачылыкты токтотконун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлады.

"14-августта айыпталуучу Мелис Калыков ден соолугунун начарлаганына байланыштуу ачкачылыкты токтоткондугу тууралуу арыз жазган. Ал мекеменин администрациясына эч кандай доосу жок экенин билдирген", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми Мелис Калыковдун бир тууганы Дарийка Калыкова бул маалыматты четке какты. Анын айтымында иниси ачкачылыкты токтоткон жок.

Баткен облусунун прокурорунун өлүмүнө айыпталуучу Ош шаарындагы СИЗО-5те камакта отурат. Ал ишти карап жаткан Ош шаардык сотунун судьясын алмаштырууну талап кылган. Бирок анын өтүнүчү канааттандырылбагандыктан ачкачылык жарыялаган.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Облустук милициядан билдиришкендей, прокурор Мамажакыповдун Лексус 470 үлгүсүндөгү унаасы 2018-жылдын 17-ноябрь күнү кечинде Баткен шаарынын Т.Турмаматов көчөсүнөн табылып, унаанын сыртында канга окшогон тактар бар экендиги билинген. Издөө иштеринин натыйжасында анын жансыз денеси 18-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы Танги-Өтөк участкасы жактан табылган.

29-ноябрда маалымат жыйыны өтүп, анда Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы кылмышка шектелип кармалган М.Калыков маркумду баш сөөккө атып өлтүргөнүн маалымдаган. Ал эми ИИМдин тергөө тобунун башчысынын орун басары Нурлан Утемисов маркум менен шектүү М.Калыковдун мушташып жатканын көргөндөр бар экенин билдирген.

Белгилүү болгондой, киши колдуу каза болгон Анарбай Мамажакыпов 1975-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган. Маркумдун артында 4 баласы калды. 2018-жылдын май айынан тартып Баткен облустук прокурору болуп иштеп жаткан. Ага чейин Талас шаарынын прокурору болгон. Анын сөөгү 2018-жылдын 19-ноябрында Чоң-Алай районундагы туулуп-өскөн Чак айылында жерге берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.08.2019. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жексур, кан ичкич, эркек болсон, олтурдунбу мойнуна ал да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: