super.kg logo

Жактоочу "Курсан Асановдун үйүндө болгон тинтүүдө миң сом жана Тажик президенти берген белекти алып кетишти"

 

Кечээ, 14-августта ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун үйүндө күч органдары тинтүү жүргүздү. Бул тууралуу Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.

Анын айтымында, тергөө тобу Асановдун үйүнөн 2 миң доллар, Кытайда чыгарылган 3 даана кол сааттар топтомун, тыйындар менен топтолгон чет өлкөнүн валюталарын табышкан.

"Биринчи саат Орусиянын Ички иштер министрлигинин белеги, экинчиси Тажикстандын президентинин жардамчысынан белекке берилген, үчүнчүсү да белекке келген саат. Алардын сырткы кутусунда мунун баары жазылып турган. Бир купюра менен топтолгон миң сом, 5-10 евро менен топтолгон акчалар да алынды.

Сурак учурунда тергөө аны айыптоого басым жасагандай өттү. Асановго берилген суроолор эле аны айыптоого багыт алып жатканын көрсөттү", - дейт жактоочу.

Ошондой эле Икрамов тинтүү да демейдегидей өзгөчө өткөнүн айтат.

"Эгер анын үйүнөн жүз миңдеген доллар же миллиондогон сом табылса түшүнөт элем. Болгону 2 миң доллар анан майда акча табылды. Бул майда акчаларды кошо эмнеге алып кетишти? Мен түшүнгөн жокмун", - деди Айткулов.

13-августта Курсан Асанов ээлеген кызматынан өкмөт башчынын буйругу менен бошотулду. Ал "милициянын кызыкчылыгын сатты" деген жүйөө менен кызматтан бошотулган. ИИМ "Атамбаевди кармоо операциясында Курсан Асанов кызматтык милдеттерин аткаруунун ордуна пиар менен алектенди" деген билдирүү таратты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -7 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: