Бишкекте жасалма авиабилет саткандар кармалды



Бишкекте өздөрүн авикассанын кызматкерлери катары тааныштырып, жасалма авиабилет саткан жарандар кармалышты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирет.
"Ушул жылдын 28-февралында шаар тургуну "COMPASS AIR" ЖЧКсынын кызматкерлери Бишкек-Москва багытына жасалма авиабилет сатышканы тууралуу милицияга кабарлаган. Анын айтымында, 19 миң 400 сомго сатып алынган авиабилет жараксыз болгон. Ошондой эле 21-майда аталган К.С. аттуу жарандан 24 миң 486 сом алып, изин жашырып кетишкен.
Аталган кылмышка шектелип 1991-жылы туулган С.А. жана 1990-жылы туулган М.А. кармалышты. Шектүүлөр ушул сыяктуу 30дан ашык кылмышка катыштыгы бар экендиги аныкталган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "алдамчылык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин "Ош базарынын" Чүй-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан авиакассадан билет сатып алып алданып калдык" деген 7 жаран SUPER.KG порталына кайрылган.




1 |