Оштогу мелдештин жыйынтыгына нааразы болуп видеокайрылуу тараткан өзбек мушкери боюнча эки тараптын өкмөтү сүйлөштү
22-августта тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул маалыматты министрликтин маалымат кызматы таратты.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар коңшу өлкөнүн спортчусунун видеокайрылуусун талкуулашты.
18-августта Ош облусунда өткөн кулатуу боюнча эл аралык мелдешке катышкан өзбекстандык мушкер Нурсултан Рузибаев турнирдин жыйынтыгына нааразы болуп, өз өлкөсүнө баргандан кийин жеке баракчасы аркылуу кыргыз эли тууралуу видеокайрылуу жасаган.
Улуттук ар намыска шек келтирди делген бул видеокайрылуу боюнча Ош облустук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесине ылайык ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу") сотко чейинки өндүрүшкө алып, иликтөөнү баштаган. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.
"Азыркы учурда видеокайрылууга себеп болгон ошол мелдештин уюштуруучулары да чакырылып, тергөө иштери жүрүүдө. Ал эми видеону тараткан Өзбекстандын жараны Нурсултан Рузибаев өз мекенине өтүп кеткендиктен, ага карата тергөө иштери эл аралык Минск Конвенциясынын алкагында жүргүзүлмөкчү", - деди мекеменин маалымат кызматынан.
Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери бул иш калыс иликтенүүсү үчүн жеке көзөмөлдөрүнө алуу боюнча бир пикирге келишти.
Өзбек мушкеринин видеокайрылуусун эки тараптын министрлери талкуулашты





1 |