Нарын шаарында жол кырсыгынан бир адам каза болду
Нарын шаарында жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Нарын облусунун жол кыймылын камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Калыс Өмүрзаков SUPER.KG порталына билдирди.
"24-август күнү саат 19:58 чамасында Нарын шаарынын 2000-жылы туулган Н.Б. аттуу жаран Ниссан Цефиро үлгүсүндөгү автоунаасы менен күн чыгыштан батышты көздөй баратып, ат минип бара жаткан адамды сүзгөн. Андан соң токтоп турган Жигули унаасын сүзүп токтогон. Натыйжада 1975-жылы туулган М.К., 1988-жылы туулган А.Ч. денесинен жаракат алган. Ал эми унаанын ичинде келе жаткан 1961-жылы туулган Ж.Б. каза болгон". - дейт Өмүрзаков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.