super.kg logo

Чаңы көккө көтөрүлгөн көчөнүн чуусу: Бишкектеги Күрөңкеев көчөсүн эмгек базарынан жалданган жумушчулар куруп жатышабы?

 

Бишкектеги Күрөңкеев көчөсү 2017-жылдан бери салынып бүтпөй жатканын айтып жашоочулар SUPER.KG порталына кайрылышты. Биз жолдун курулушу эмне себептен кечигип, токтоп турганын тактап көрдүк. Жашоочулардын айтымында, салынып жаткан жолдун узундугу болгону 2 чакырым, бирок иш 2 жылдан бери бүтпөй келет. Бул арада ал көчөгө ири мечит курулуп, ал жерге жүздөгөн адамдар келип турат. Мындан тышкары, мечитке жакын жерде менчик бала бакча иштейт. Ал жактагылардын баары унаа өткөн сайын көккө сапырылган чаңдуу аба менен дем алууга аргасыз. Бул абал ыңгайсыздык жараткандан тышкары организмге терс таасир берери белгилүү.

Лида Токталиева Күрөңкеев көчөсүнүн жашоочусу, ал жасалып бүтпөй турган жолдун кесепетинен асманга көтөрүлгөн чаңдан аллергия болуп күнүнө 5 маал дары-дармек ичип жатканын айтат.

"Тезирээк жасап бүтүшсө болот эле өткөндө бир кишилери келди, булардын азыр асфальты жок болуп жатат деди. Эми эмне дагы бир жыл күтөбүзбү? Чаң дем алууга болбойт, терезе ача албайбыз. Аллергиям бар күнүнө беш маал дары-дармек ичем",- деди ал.

Көчөнүн дагы бир жашоочусу Борон Жаанбаев жолду жасоо иштери кечигип, токтоп турганына байланыштуу президентке чейин кат жолдошконун айтат. Ал жолду жасап жаткан компаниянын жумушчулары жок болгондон улам эмгек базарынан жалданма жумушчулар келип жол салып жатканын билдирди.

"Башталгандан кийин 2-3 күн жолду казышты дагы таштап коюшту. Чаңда мына ушинтип отурабыз, бир да жолу талапка ылайык суу чачып иштешкен жок чаңытып иштешти. Эмгек базарынан күнүмдүк жумушка жалданып иштеген жумушчуларды алып келишет, алар кайра кетип калышат. Айлабыз кеткенинен президентке да баарыбыз чогулуп кат жолдодук. Документтер боюнча бул жолдун курулушу 2017-жылы бутүшү керек экен. Азыр мына эми бир айдан бери бир да жумушчу жок",- деди ал.

Күрөңкеев көчөсүнүн жашоочуларынын арыз муңун уккан соң алардын кайрылуусуна жооп алуу үчүн Бишкек шаардык мэриясына кайрылдык. Мэриядан бизге “Бишкек асфальт сервис” ишканасынын бөлүм башчысы Азат Жакыпбековду жиберишти. Анын айтымында, Күрөңкеев көчөсүндө жол куруу иштери жүргүзүлүүдө ушул жуманын ичинде асфальт төшөлө баштайт. Анткен менен Күрөңкеев көчүсүндө 4-5 саат туруп ары-бери өткөн унаадан улам асманга сапырылган чаңдан башка эч нерсе көрбөгөндөн улам жол куруу иштеринде жумуш жүрүп жатат деген “Бишкек асфальт сервис” ишканасынын кызматкеринен бизге жумуштун жүрүп жатканын жана жумушчуларды көрсөтүп берүүсүн сурандык.

"Абдрахманов көчөсүнөн Эркиндик көчөсүнө чейин асфальт төшөөгө даяр. Мына бир эки күндө ушул жуманын аягына чейин төшөлө баштайт. Азыр жумуш кызуу жүрүп жаткан убагы".

Эч бир жумушчуну көрсөтүп бере албаган “Бишкек асфальт сервис” ишканасынын кызматкери жумуш эмне себептен токтоп турганын тактоо үчүн кимдир бирөөлөргө чала баштады. Андан кийин жумушчу топтун жетекчиси тажияга кеткенден улам жумуш токтотулду деген жоопту гана тактады.

"Азыр жетекчи прорабына байланыштым. Ал тажияга кетиптир ошол себептен жумуш токтоп турат. Өзүңөр да логикалык жактан ойлосоңор көзөмөлдөгөн эч ким жок болсо токтоп турат",- деди ишкананын бөлүм башчысы.

Ал эми жол качан кайсы датада жасалып бүтөт деген сурообузга так жана канааттандырарлык жооп алган жокпуз.

"Азырынча так датасын айта албайм, жаан-чачын болуп кетсе дагы узарып кетиши мүмкүн да".

Бишкек шаардык мэриясына караштуу “Бишкек асфальт сервис” муниципалдык ишканасынын бөлүм башчысынан канааттандырарлык жооп ала албаган соң биз кайрадан Бишкек шаардык мэриясына кайрылдык. Мэрия бизди “Бишкек асфальт сервис” ишканасынын жетекчисине жиберди. Ишкананын жетекчиси Мирлан Амантуров да бизге Күрөңкеев көчөсүндө жумуш кызуу жүрүп жатат деген жоопту узатты.

"Жумуш кызуу жүрүп жатат бүгүн, эртең ал жерде асфальт төшөлөт. "Чу Прокси" деген компания уткан тендерди, алардын деле эми мүчүлүштүктөрү бар. Бир миллион сомдон ашык айып салынды ал компанияга. Азыр жумуш кызуу жүрүп жаткан кези",- деди Мирлан Амантуров.

Айтор, 6-7 саат жүрүп, өзүбүздү да, тургундарды да дарбазадан дарбазага тебилген топтой сезип, узаткан суроонун жообун ала албай кайттык. Кайтып келе жатып болгону 2 чакырым жолдун 2 жылда ондолуп бүтпөгөнүн, бул убакыт аралыгында “тээтиги өйдө жактагылар бүтүрөт” деп үмүт артып жүргөн тургундардын күндөн-күнгө ындыны өчкөнүн элестеттим. Чуу чыгарган “Чу Проксини” тендерден уттурган "Бишкек асфальт сервис" ишканасы өз жоопкерчилигин сезбей жатса, шаар башчылыгы кол куушуруп карап турганы туурабы деген суроо жаралды?






Эки жылда курулуп бүтпөгөн 2 чакырым жолдун чуусу

Автор: Амирбек Исмаилов
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: