super.kg logo

Тукумсуздук эми маселе эмес!

 

Биздин порталга ЭКО ыкмасы менен балалуу болуу тууралуу сюжет жарыкка чыгары менен окурмандардан бир нече суроолор келип түштү. Суроолорго Орто Азия жана Түркия мамлекетинин эн алдыңкы ЭКО адиси профессор Жихангир Чакыжы жооп берет.

- Үйлөнгөнүмө 7 жылдан ашты. Менин уруксуздугумдун себебинен балалуу боло элекпиз. Дарыландым, бирок жыйынтык болбоду. Спермограмма тапшырсам нөл пайыз экен. Эмне кылсам болот?

- Эркекте урук клеткаларынын жоктугу - "Азооспермия" деп аталат. Оорунун себебине жараша уруктарды алууга болот. Анын бир нече ыкмасы бар. Алгач уруксуз эркектерге ТESA ыкмасы колдонулат. Анда ичке ийненин жардамы менен эн безинен урук клеткасы алынып, лабораторияда изилденет. Эгер бул ыкма натыйжасыз болсо, урук алуунун башка ыкмалары пайдаланылат. Андыктан үмүтүңүздү өчүрбөй биздин клиникага кайрылыңыз.

- Мен ЭКОну эки жолу Алматыда жасаткам. Тилекке каршы, жыйынтык болгон жок. Анализдеримдин баары жакшы чыкты. Себеби эмнеден болушу мүмкүн?

- ЭКОнун ийгиликсиз болушуна ички жана сырткы факторлор таасир берет. Мисалы, сапатсыз эмбриондор, жатын түтүктөрүнүн паталогиясы, ата менен эненин антигендери аябай окшош болсо, гормоналдык бузулуулар, жаш өзгөчөлүк, ашыкча салмак, терс адаттар - ичимдик, тамеки тартуу, өнөкөт оорулар, жыныс системиндеги жана өпкө, ашказан, боор, бөйрөк оорулары жана башкалар.

- Бишкектен башка облустарда дагы консультация бересиңерби?

- Ооба. Акыркы убактарда облустардан көптөгөн суранычтар болуп бул маселени карап чыктык. Эми ар бир айда облустарга барып, консультация берип турабыз. Сентябрь айында Ош шаарына барабыз.

- Саламатсызбы. Сиздин тажрыйбаңыз жөнүндө жакындарымдан угуп барсам эмгек өргүүсүндө экенсиз. Эми качан барсам болот?

- Саламатчылык. Ооба, келе берсеңиз болот. 14-сентябрдан 22-сентябрга чейин Бишкек шаарында консультация өтөм.

- ЭКО менен төрөлгөн балдар тукумсуз болуп калат деп уккам. Бул сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?

- Тескерисинче, дени сак балдар төрөлөт. Анткени жубайлар башынан аягына чейин толук текшерүүдөн өтүп, дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Лабораториядан уруктун күчтүүлөрү, тазалары тандалып алынат. Практикамда алгачкы ирет ЭКО менен төрөлгөн бала эркек болчу. Табигый жол менен балалуу болду.

Клиниканын дареги: Бишкек шаары, Горький көчөсү 21.

Байланыш телефондору: 0(0312) 593-999, 0(770) 220-157 (кабылдама), 0(770) 220-104 (WhatsApp)

ankalifebishkek.com


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
27.08.2019. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Ар бир аялга да, эркекке да ата-эне болуу насип кылып буйурсун.
Кудайым ушул күндөрго жеткиргенине чексиз шүгүрлөр айтам.
27.08.2019. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
0% болсо спермограммасы кантип балалуу болот кудай бетин нары кылсын бирок болбосо кк менимче.
27.08.2019. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мм акча маселе экен да эээ...
27.08.2019. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акчасы канча болот экен ким билет?
28.08.2019. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Brilant-zhylan, 3500$ ойдо болот
28.08.2019. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ден соолука зыяны коп эле. Озгочо энеге. Бул ыкманы колдонгон тааныштарым бар. Бойроко зыян. Бойрогу иштен чыгып алмаштыргандар бар. Тукумсуз болуу кудайдын сыноосу. Тагдырга моюн сунуп, демек Аллах каалабады мында да бир жакшылык бар деп нааразы болбой жашаган туура болот. Себеби Аллах айтат: Силер жаман деген нерседе силерге жакшылык бар. Силер жакшы деп ойлогон нерселерде силерге жамандык бар Бала багып алышсын. Канчалаган жетимдер бар ата энеге зар Торогон эмес мээрим тогуп баккандар ата-эне
29.08.2019. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Aynura87,Тоба кылдым башка кийим сатып алсын дегендей эле сүйлөйсүзго, ар ким өз канынан жаралган баланы каалайт, медицина жетишип атса адамдарга ошол да жакпайт табигый жол, ооруп калат деп,"эл оозунда элек жок" карап турсаң 'как будто' клиникада текшерип аныктагандай ушак сүйлөшөт. Бул деген илим айтып жатпайбы организм эптей албаганды булар урукту алып салып жайгаштырып атат....


jemile түзөттү 2019-08-29 15:21:54
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: