Чек ара кызматынын төрагасы Түп районунда иш сапары менен болду
КРнын Чек ара кызматынын төрагасы Курманакун Матенов Ысык-Көл облусундагы Түп
районунда күч түзүмдөрүнүн райондук башкармалыгынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын жетекчилери жана район тургундары менен жолугушту. Чек ара кызматы
билдиргендей, жолугушуу учурунда кыргыз-казак чек арасынан өтүүгө байланыштуу
көйгөйлөр талкууланып, мамлекеттик чек ара тууралуу бир катар
нормативдик-укуктук документтер боюнча түшүндүрмө берилди. Белгилей кетсек, КРнын
Чек ара кызматынын жетекчиси Ысык-Көл облусунда жайгашкан бөлүктөргө жана
бирикмелерге иш сапары менен барган.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

