super.kg logo

Соттон сотко чуркаган мугалимдер. И.Арабаев атындагы университеттеги чуу

 

SUPER.KG порталына Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде буга чейин иштеп кеткенбиз деген Нарынбек Касымалиев жана Кенжебек Жумабеков аттуу жарандар кайрылышты. Алар “университеттин жетекчилиги социалдык фондго камсыздандыруу төлөмдөрүн которбой койгон, университет жетекчилиги кландык башкарууну жүргүзүп жатат. Кайрылбаган жерибизи калган жок” дешет.

Бизге кайрылгандардын бири Кенжебек Жумабеков "Кыргыз мамлекеттик университетинин жетекчилиги мени 2 жолу себепсиз жумуштан бошотуп, 2 жолу себепсиз айлык акымды кыскартышты" дейт. Кенжебек Жумабековдун жактоочусунун айтымында, 2002-жылдан тартып окуу жайдын жетекчилиги соттун чечимин аткарбай келген.

Сөз болуп жаткан окуу жайда эмгектенип кеткен Нарынбек Касымалиев университетте студенттерге адистик бербей эле үстүртөдөн окутуп диплом берилгенин, бул боюнча ал тиешелүү тараптарга кайрылып жыйынтык болбогонун айтты.

Биз экинчи тараптын, тагыраагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жетекчилигинин да сөзүн угуп көрдүк. Окуу жайдын ректору алар 10 жыл мурунку маселелер менен сотко кайрылып жатышканын, сот кандай чечим кабыл алса, баары мыйзам чегинде аткарыларына токтолду. Окуу жайдын укук бөлүмүнүн башчысы Нарынбек Касымалиев менен Кенжебек Жумабековдун сотко кайрылуулары боюнча кенен айтып берди. Окуу жайда орун алган ызы-чуу тууралуу кененирээк видеодеон көрүңүз.






Соттон сотко чуркаган мугалимдер. Арабаев атындагы университеттеги чуу

Автор: Амирбек Исмаилов
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: