super.kg logo

Кыргызстандын Өкмөтү “Центерра” менен “Кумтөр” боюнча мурдагыдан пайдалуу келишим түздү

 

Жаңы макулдашуу боюнча инвестор экология жана социалдык блок боюнча Кыргызстандын пайдасына кошумча төлөмдөрдү жасайт.

Кыргыз Өкмөтү жана «Центерра» 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган Стратегиялык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн талап кылынуучу шарттардын аткарылгандыгы жөнүндө жарыялашты. Сүйлөшүүлөрдүн бир нече этабынын жүрүшүндө тараптар «Кумтөр» долбоору боюнча толук өз ара түшүнүшүүгө келишти.

Ошентип, инвестор менен жетишилген макулдашууларга кошумча, Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтү экологиялык төлөмдөр жана аны түзүү жөнүндө чечимге премьер-министр 22-августта кол койгон Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөшүү фондуна төлөмдөр бөлүгүндө республика үчүн кошумча пайдалар жөнүндө макулдаша алды. Жаңы келишим боюнча «Центерра» Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 50 миллион долларлык бир жолку төлөм жасамакчы жана ар жылы экологиялык проблемаларды чечүүгө Кыргызстанга 3,7 миллион доллардан которуп турмакчы (Стратегиялык макулдашуунун мурдагы вариантында сөз 2,7 миллион доллар жөнүндө жүргөн). Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөшүү фондуна инвестор эки транш менен 5 миллион доллардан которот. Бул төлөмдөр 2019-2020-жылдары жүргүзүлмөкчү. Андан тышкары, «Кумтөр» компаниясынын жалпы жылдык кирешесинен 0,4 пайыз өлчөмүндө ар жылдык төгүмдөрдү жасамакчы. 2026-жылга чейин (“Кумтөр” кенин иштетүүнүн учурдагы мөөнөтүнө ылайык) регионалдык фондго төлөмдөр 30 миллион долларга жетет. Кыргыз Өкмөтүндө бул акчалар республиканын бардык региондорун өнүктүрүүгө шарттарды түзүүгө, атап айтканда, инвестициялык долбоорлорду жана экспортту колдоого, облустарда жаңы ишканаларды ачууга жана экотуризмди өнүктүрүүгө жумшала тургандыгын билдиришти.

Дагы эмне?
Стратегиялык макулдашуу толук күчүнө киргенден кийин «Центерра» Кыргызстандын онкологиялык кызматын колдоого калган 3 миллион долларды котормокчу. Эске салсак, өткөн жылы республика 10 миллион доллардан 7 миллион долларын алган, ага онкологиялык ооруларды дарылоо үчүн эки линиялык тездеткич жана башка заманбап жогору технологиялык жабдуу сатып алынган. Бишкек менен Оштун онкоборборлорунда тездеткичтерди орнотуу үчүн жайларды даярдоо жүрүп жатат, алар 2020-жылдын биринчи жарымында иштей баштамакчы. Андан тышкары, кыргыз жана канадалык тараптар кен ишканасында 2018-жылы геологиялык чалгындоонун кайра жаңыланган эки жылдык программасына чоң үмүт артышууда. Геологиялык чалгындоо иштерине инвестор өткөн жылы 18 миллион доллар бөлдү. Буга кошумча «Центерранын» Директорлор кеңеши жер казынасын чалгындоого дагы 6 миллион доллар инвестициялоо чечимин кабыл алды. Мына ошентип, бул долбоор боюнча инвестициялык салымдардын жалпы суммасы 24 миллион долларды түздү. Жалпысынан «Кумтөр» долбоору боюнча Кыргызстан үчүн кошумча пайда 150 миллион долларды түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(12)
03.09.2019. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башында баары эле пайдалуу дешет.Кийин эле түшүнбөй каласың.
03.09.2019. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Буйруса ушул келишим акыркы келишим болуп чыгар. Мамлекетибиздин жана элибиздин пайдасы үчүн.
03.09.2019. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанга түшө турган пайданы эки эсе көтөргөнү жакты. Азыркы өкмөт эл үчүн иштеп жатат. октябрдан тарта мугалимдердин айлыгын 18 мин болсо эл толук колдойт
03.09.2019. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Bektur2011,туура айтасыз, пенсия да кошулсп бир топ элге жакшы болот. Окмот иштин козун эми тапкандай.
03.09.2019. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Негизи кенде алтын азайп жатса да жакшы келишим тузуптур окмот молодец
03.09.2019. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи кыргыз эли ак конулбуз.
03.09.2019. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аа кыргыз анкоо экенбиз. Канча жерди талакалап жатышат. Болбой эле баш ийип унчукпайбыз
03.09.2019. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Негизи мамлекетке пайда деп айта беришет. Которгон акчалардын жарымы чонтокторуно тушот, андан кийин мамлекетке чоң зыян тийген экен деп отуруп калышат.
03.09.2019. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аз толоп атышат. Чыгарган акчалары миллиардтаган акчалар а бизге калганы алар учун какой то не сколько миллион доллар. Аз толоп кутулуп кетип атышат. Чондордун чонтогун толтурган окшойт ошого макул болуп атышат.
03.09.2019. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин акмак бийлик Центеррага монгулорду талкалоого, коруктун аймагында же корукка жакын аймакта чалгындоо ж.б. иштерди жургузууго уруксат берип жатса, пайдалуу келишим деп жомок айтканынарга жол болсун?!!

Кайран Дооронбай агабыз чыркырап журуп отуп кетти. Кайран Апсамат Масалиев кан какшап журуп отуп кетти. Болбосо Кумторду эн башында эле иштетпей коюш керек эле. Дегеле бардык алтын-кумуш кендерин жаап салыш керек.

Алтын-кумушту бийлик уурдап жатат...
03.09.2019. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элге пайдасы тийеби,, шашпагылачы аягы жаман болбосун шашылыш чечим чыгарып эле арктка кетмей болдук!
03.09.2019. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайсы арына министр мактанып жатат, он алты гектар жерди чалгындоого бериптир анан кыйратып койдук деп элди алдап жатат, аларга эч нерсе бербей тарифти көтөрсө болбойбу акмактар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: