Алмазбек Атамбаев салдырган "7-апрель шейиттери" мечити камакка алынды
Алмазбек Атамбаев салдырган "7-апрель шейиттери" мечити камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, Юнусалиев көчөсүндөгү 173/1 дарегинде жайгашкан мечит факты боюнча Алмазбек Атамбаевге тиешелүү болгон илимий өндүрүштүк фирма "Форум" ААКсына катталган. Мындан улам Биринчи Май райондук соту аталган мүлктү камакка алуу чечимин чыгарды.
Учурда тергөө органдары мечитти курдурууга кеткен каражат кайдан алынганын иликтешүүдө деп жазылат маалыматта.
Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан кийин колго түшүп, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Андан кийин анын баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту карап, камактагы мөөнөтү 2019-жылдын 26-октябрына чейин узартылган.
Ушул жылдын 4-апрелинде Бишкек шаарындагы 7-кичи райондо жаңы мечит ачылган. Ал жалпы аянты 2 гектардан ашык жер тилкесине салынып, 5 миң кишиге ылайыкташкан. Курулуш иштери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин каржылоосунда жүргүзүлгөн. Мечитке Абдышүкүр Нарматов имам болгон.
"7-Апрель шейиттери" мечити камакка алындыбы?


Жаап эле ичиде туномок беленер! Эл жок убакта деле кирип каалаган материалды коруп эсептеп тактап койсонор болмок да! Ал элдин мечити элге туболуко берилген силер деле элсинер ойлонуп иш кылгылада!