Кыргызстандык балбан Азамат Бараков Германияда өтө турган “Супер талант” сынагына катышат






Кыргызстандык балбан Азамат Бараков Германияда өтө турган “Супер талант” сынагына катышат. Бул тууралуу балбан өзү билдирди. Айтымында, сынак 14-18-август күндөрү Германиянын Висбаден шаарында өтөт. “Ал жакка Алыш федерациясынын жетекчиси Алманбет Анапияев, “Замандаш” ассоциациясынын колдоосу менен барып, кастингден өтүп кеттим. Эми 1-айлампага катышам. Өнөрүмдү тартуулап, баш байгеге коюлган 100 миң еврону утам деген тилегим бар. Кастингге миллиондон ашык киши барып, алардын арасынан 100гө жакын адам өттүк”,- деди Азамат мырза. Балбан тандоо турунда күрөктү өзүнүн башына чаап сындырганын, 2 көмөч казанды колу менен бүктөгөнүн, аларга мык кагып киргизип, кайра сууруганын айтты. Ошондой эле жаш балбан Ауди жеңил унаасын сүйрөдү. Жиптин учуна кылыч байлануу болчу, алаканын анын мизи кескен жок.
Азамат Бараков Германияда өзүн көргөзөт




1 | 2 |