super.kg logo

Бишкекте 18 жаштагы айдоочу 41 жаштагы аялды эки баласы менен сүзүп алды. 6 жаштагы кыз окуя болгон жерден мерт кетти

 

Бишкекте 18 жаштагы айдоочу эки баласы менен жолдон өтүп бара жаткан аялды сүзүп, 6 жаштагы кыз окуя болгон жерден каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-сентябрда саат 18:45 чамасында Ак-Босого жаңы конушунда белгисиз унаа Профессор Зима көчөсүндө бара жатып, Архитектурная көчөсүнө бурулганда жөө өтмөктөн жол кырсыгына кабылган. Тактап айтканда, айдоочу 41 жаштагы аялды 3 жана 6 жаштагы балдары менен сүзүп кеткен. Натыйжада аял жана 3 жаштагы бала "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага алынып кетсе, 6 жаштагы кыз окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми айдоочу изин жашырып качып кеткен.

"Ыкчам-тергөө тобу качып кеткен унаанын айдоочусун көп өтпөстөн борбордогу кафелердин биринен кармашкан. Жабырлануучуларды Даймлер-Бенц-230 үлгүсүндөгү унаасы менен сүзгөн айдоочу 18 жаштагы З.А. аттуу жаран экени аныкталган. Учурда унаа айып аянтына токтотулуп, чогултулган материалдар Бишкек ШИИББине өткөрүлүп берилди", - деп билдирет басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
05.09.2019. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сузуп адам олтуруп качып кеткени аз келгенсип,кафеде отурганы эмнеси?
05.09.2019. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мындай акмактарга жазасын катуу берип он беш жылга камаш керек, качып кетпей наборот тезиреек жардам корсотсо Аман кала беле Ким билет
05.09.2019. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы нараазы болосунар айып пул кымбат тигил бул деп . И еще камерага да нааразы болуп жаттынар эле
05.09.2019. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
З.А дебей атын жазсаңар бул деген адам өмүрүн алып жатат жаш эми эле бул дүйнөнү таанып келе жаткан.Атасы эптеп чыгарып алат 18 жашта болсо бир чондун кызыда.
06.09.2019. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elchi84,эркек эмеспи. Тообо журогу кантип чыдады экен, адам олтуруп коюп качып кеткенге
05.09.2019. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Профессор Зима, Архитектурная кочолору. Кыргыздарда элге эмгеги синип, атын кочого ыйгара турган инсандар калбай калган окшойт. Кыргызстанда качан тартип онолуп, кылмыштуулук азайып, качан онугуп, особуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: