super.kg logo

Жумушка чыкпай койгон учкучтар да болот. Британияда авиакомпания жүргүнчүнүн жардамын алууга аргасыз болгон окуя орун алды

 

Британиянын Манчестер шаарында жумушка чыкпай койгон учкучтун ордуна жүргүнчү анын ишин аткарууга туура келген. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

Британиялык EasyJet авиакомпаниясынын учагы жана анын жүргүнчүлөрү Манчестерден Испаниянын Аликанте шаарына учуунун алдында күтүлбөгөн жагдайга дуушар болгон. Учкуч жумушка чыкпай коюп, каттам белгисиз мөөнөткө жылдырылмак болуп жаткан учурда Майкл Брэдли аттуу жүргүнчү өз кызматын сунуштаган. Сураштыра келгенде Брэдли ушул эле авиакомпанияда иштеген учкуч болуп чыгып, пилоттун күбөлүгүн көрсөткөн.

Брэдли үй-бүлөсүн алып, Испанияга эс алууга бара жаткан. Жүргүнчүлөр каттоодон өтүп, бирок каттам убагында аткарылбай, эки саатка кармалган. Себеби билинген соң, Брэдли авиакомпанияга "учакты мен деле башкара алам" деп айткан. Текшерүү иштеринен кийин ага уруксат берилген. Ошондой эле авиакомпания суроо менен кайрылган журналисттерге "бул окуя өзгөчө болуп калды жана Брэдлиге жардам бергени үчүн рахмат айтабыз" деген жооп узатышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
05.09.2019. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Андай нерсе бизде коп эле жолу болот. Ош-Бишкек таксистери кобунчо укташпай чыгышып алат анан коздору тегеренип уйкусу келгенде клиенттер айдашат))
06.09.2019. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Goodyer,ха ха
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: