super.kg logo

Улуу Британиянын премьер-министринин бир тууган иниси Жо Жонсон кызматынан кетти

 

Улуу Британиянын премьер-министринин бир тууган иниси Жо Жонсон өкмөттөн кете турганын жар салды. Ал билим берүү жана илим министринин орун басары болуп иштеген. Жо Жонсон Улуу Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон менен саясий келишпестиктерден улам кызматтан кетүүгө ниеттенгендигин жарыялады. Ал агасынан айырмаланып, Улуу Британиянын Евро Биримдикте калышын каалап, добуш берген.

Акыркы жумаларда, мен үй-бүлө жана улуттук кызыкчылыктардын ортосунда калдым. Бул жерде чечилбеген карама-каршылыктар бар. Менин ордумду башка бирөөгө бошотуп бере турган убактым келди”, - деп жазган ал социалдык тармактагы жеке баракчасына.

Жо Жонсон бир тууган агасынан 7 жашка кичүү. Ал 2010-жылы Орпингтон аймагынан коомдук палатага депутат болуп шайланган. Жонсон ошондой эле каржы тармагында банкир, адистешкен журналист болуп иштеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: