super.kg logo

"Снег кружится" чыгармасы менен белгилүү болгон ырчы Юрий Петерсон дүйнө салды

 
Советтер Союзундагы хит чыгармалардын аткаруучусу, ырчы Юрий Петерсон каза болду. Ал азыр деле эл оозунан түшпөй ырдалып жүргөн "Снег кружится", "На дальней станции сойду", "Идёт солдат по городу", "Вся жизнь впереди", "Не повторяется такое никогда" жана башка чыгармаларды аткарып келген.

Ырчы 72 жашында каза болгонун чет элдик басылмалар анын жакындарына таянып жазып чыгышты.

"Ал белгисиз типтеги онкологиялык дарт менен жабыркап келген. Дарты эмне экенин так аныкталбай калды. Ал онкологиялык ооруга чалдыкканы тууралуу ушул жылдын июль айынын соңунда билдик", - деген ырчынын келини Татьяна Путра.

Маркум менен коштошуу зыйнаты 9-сентябрда өтөт.

Юрий Петерсон "Весёлые ребята", "Самоцветы" топторунун жана "Пламя" ансамблинин солисти болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.09.2019. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун чыгарма!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: