super.kg logo

Чүйдө медресенин жатаканасынан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Сотко чейинки өндүрүш иши башталды

 

Чүй облусунун Панфилов районундагы медреседе өрт чыкты. Өрт 8-сентябрь күнү саат 18:51 чамасында Тельман айылындагы "Ак-Тилек" медресесинин жатаканасынын чатырынан чыккан. Өрттүн кесепетинен жатакананын болжол менен 2000 чарчы метр аянты күйгөн. Медресенин кызматкерлери тарабынан жатаканада жаткан 200 окуучу эвакуацияланган. Өрттүн кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар жок.

Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 4 бөлүм тартылган. Тартылган күчтөрдүн жардамы менен өрт саат 21:43тө чектөөгө алынып, 9-сентябрда түнкү саат 02:17де толук өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Ал эми бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Ошондой эле тийиштүү экспертизалар дайындалганын Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
09.09.2019. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Медреселердин башкы милдети – арабдардын каада-салтын кыргызга жайылтмай. Молдолордун көздөгөнү – жаштарга көп катын алууну үйрөтүү. Кылган аракеттери – араб идеологиясын тотукуштай беш маал кайталоо. Күнүмдүк эрмеги – көчөдө көрүнгөндү мечитке ээрчитип жана аларды кыз-баласына карабай арабташтыруу.
erlan2196 түзөттү 2019-09-09 12:44:26
09.09.2019. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
erlan2196 Көп тантыбачы өзүңчө кыйын болуп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: