super.kg logo

"Бир нече жолу дубинка менен урган". Чүйдө ага-ини жаңжалдашып, бири каза болду

 

Кылмышка шектүүЧүйдүн Москва районунда бир тууган ага-ини уруша кетип, бири каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-сентябрь күнү Москва РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда аталган райондогу айылдардын биринде үйдө мушташ болгону айтылган. Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу үйдүн ичинен күч колдонулуп каза болгон эркек кишинин жансыз денесин табышкан.

"Каза болгон жарандын аты-жөнү такталды. Ал 38 жашта болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Иликтөө иш-чараларынын негизинде шектүү катары 46 жаштагы В.А. аттуу жаранды кармашкан. Териштирүү ишинде маркум менен шектүү ага-ини болушканы белгилүү болду. Алар окуя болгон күнү спирт ичимдигин ичип отуруп, сөздөн-сөз чыгып уруша кетишкен. Уруш мушташка айланып, шектүү каза болгон жаранды бир канча жолу дубинка менен чапкан. Ал алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды", - деп билдирет басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: