Бишкекте аялдын үйүнө келип, аны сабап, телефонун жана акчасын тартып алганга шектүү 28 жаштагы киши кармалды



Бишкекте 28 жаштагы киши тааныш кызын сабап, телефонун тартып алганга шектүү катары кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы Октябрь райондук милиция бөлүмүнө Бишкектин жашоочусу кайрылып, эркек кишиге карата чара көрүүнү өтүнгөн. Өзүнүн арызында ал 28 жаштагы киши анын үйүнө келип, экөөнүн ортосунда жаңжал чыкканын, андан кийин эркек киши аны сабап, 14 миң сомдук телефонун, 2 миң 500 сом акчасын алып кеткенин жазган.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ыкчам тергөө тобу тарабынан кылмышка шектүү кармалып, жабырлануучунун телефону өзүнө кайтарылды. Шектүү 2 айга камакка алынды", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
akylbek57

13.09.2019. 10:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сакал коюп таксыр болумуштун копчулугу: ууру, кылмышкер болуп жатат.Биздин мамалекетте да, сакал койгондордун тегин байкаштыруу керек болуп жатат.Баары мусулман динине жамынып, озу билген кылгылыктарды жасап, жалпы мусулман динине жаман так калтырып жатышат. Мындан келди, сакал койгондун баары эле таксыр эмес.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.