super.kg logo

"Телефондорубузду кайсы жерге таштап койдук деп издеген учурлар болуп жатат" дейт "Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." реалити-шоу долбоорунун катышуучулары

 

Кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу уюштурулуп жаткан "Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоу долбоору уланууда.
Долбоордун 1-күнүндө оюнчулар көл жээкке чогулуп, телефонсуз, интернетсиз кандай убакыт өткөргөнү тууралуу айтып беришти. "Кызыл кемсел" командасынын оюнчусу, ырчы Айгерим Эшим чалууларда жаңырган музыканын, ойготкуч сааттын үндөрү угулуп жатканын айтат.

Ал эми ошол эле топтун оюнчусу Саниа: "Жатаканага киргенде алгач розеткасы бар жерди талаштык. Андан кийин телефонубуз жок экенин эстеп, кылыгыбызга бир күлүп алдык", - дейт.

"Көк кемсел" командасынын оюнчусу Нуркыз Кожонова телевизордун, телефондун жоктугу балалыкка алып барганын билдирди. "Чынында эле жакшы кеч өткөрдүк. Баарыбыз сүйлөшүп отурганда чоң энем мага жомок айтып берген кези эске түштү", - деди ал.

Кезектеги сыноо башталганча катышуучулар бири-бири менен сүйлөшүп, анча-мынча кемчиликтери, катачылыктары тууралуу азыноолак кеп курушту.

Бул сынакты SUPER TV "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурду. Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу 14-сентябрда кум жээкке кеме менен келишти. Андан соң оюнчулар чүчү кулактын негизинде "Кызыл кемсел" жана "Көк кемсел" деген эки топко бөлүнүштү.

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган.

Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" компаниясы, "Гималай" суусу, "Lets Go!" чайы жана "Bizon" энергетикалык суусундугу. "Баатыр сендвичин" "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.






Рэп окуган Чыпалак баатыр, телефонсуз калган катышуучулар (1-күн)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
15.09.2019. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Чыпалак баатыр утушун каалайм! Чыпалак баатыр алга
15.09.2019. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баш байге 100000 сомду Чыпалак баатырга бергиле уйлонуп алсын.
15.09.2019. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мээрбекти дагы эрчитип алсанар болмок экен, жалгыз зээрикти байкуш
15.09.2019. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Гүлзат Мамытбек, Анжелика, Назира Айтбекова үчөөнү да кошуп албапсыңар.
15.09.2019. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Силерге эмне жыргал болуп жатабы, жерибизге Өзбек тажиктер кирип келди. Ошондой эле баатыр болсонор Баткендеги Аравандагы чек араны коргогула.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: