super.kg logo

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоору: Оюнчулар аңчылыкка чыгып, балык жана тоок табышты

 

SUPER TV "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулуп жаткан "Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусу уланууда. Долбоордун 2-күнүндө "Кызыл кемсел" жана "Көк кемсел" командаларынын оюнчулары берилген тапшырмаларды аткаргандан кийин курсак тойгузуунун амалын көрүштү.

Тагыраагы, эки топтун катышуучулары аңчылыкка чыгышты. "Кызыл кемсел" командасынын оюнчулары суу жээктен тоок кармап алышты. Аңчылыктан олжолуу кайтышкан оюнчулар тоокту союп, утуп алган азык-түлүк менен кошуп казан асышты.

"Негизи сууда жүргөн өрдөк же балык кармайбыз деп суунун жээгине барганбыз. Алдыбыздан тоок чыгып калып, баарыбыз ар тарабынан тосуп калдык. Тоок кача албай ортодо туруп калганда кармап алдык", - дешти оюнчулар.

Очокто бышырылган тамакты тамшанып жешкен катышуучулар кубанычын жашыра албай жүрүштү.

Ал эми утулуп калган команда мүчөлөрүнүн шаабайы сууп, бир аз кайгырышты. Бирок каршылаш команданын жеңиши, тоок кармап алганы намысына тийдиби, айтор, "көк кемселчендер" суу жээктен сига балыгын кармап алышты. Бир балыкты бөлүп жейбиз деп очокко жалындатып от жагышты.

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган.

Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу жана "Bizon" энергетикалык суусундугу. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.






Чыпалак Баатыр Жылаңач Баатыр боло албадыбы? Ким кетти? (2-күн)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(6)
17.09.2019. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Орустарды туурабай эле койсоңор болмок экен.
17.09.2019. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир байкуштун жоготуп алган Тоогун кармап союп жеп албадыңарбы деги артисттер?
SUPER.KG видео
17.09.2019. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Согунбой суйлшпойбу
17.09.2019. 07:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кимдер мекен учун кан тогуп журсо кимдер жыргап журот кимдер атасын окко учканын угуп кайгы мунда журсо кимдер жыланач баатыр Боло албай журот эххх ошолорго кыйын
17.09.2019. 07:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аралдан кармап алышкансып) даги бироонун тоогу да ал.
17.09.2019. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чумолор далбаептер...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: