super.kg logo

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоорунун катышуучулары бир оюнчу менен коштошту. Ал...

 

SUPER TV "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулуп жаткан "Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоу долбоору бир оюнчуну сынактан четтетти.

Долбоордун 2-күнүндө "Кызыл кемсел" жана "Көк кемсел" командаларынын ортосунда тамак-аш үчүн мелдеш орун алды. Анда "кызыл кемселчендер" чатырды биринчи тигип, азык-түлүккө ээ болушту. Оюндун шартына ылайык, утулган командадан бир катышуучу сынактан четтетилиши керек.

Катышуучулар оттун боюна чогулушуп, самоордо кайнаган чайдан ичип, биринчи күнкү сынак тууралуу кеп курушту. Уткан команда утулган команданын мүчөлөрүнө чай куюп берип, көңүлүн көтөрүүгө аракет кылышты. Катышуучулардын сынак боюнча пикирлери айтылгандан кийин, жыйынтыкталуучу бөлүккө кезек жетти. Тагыраагы, утулган команда өздөрүнүн тобундагы бир оюнчуга жашыруун түрдө добуш беришти.

Команданын мүчөлөрү бир оюнчу менен коштошуу оор болуп жатканын, биринчи күнү эч кимди кетирбөөгө мүмкүнчүлүк берилсе деген ойлорун айтышты. Ошого карабастан эрежени бузбай, команданын мүчөлөрү жашыруун добуш беришти.

Долбоордун алып баруучулары ысым жазылган кагаздарды кутучадан алып чыгып окушту. Добуш берүүнүн жыйынтыгында, Зарылбек Аликеновго каршы 4 добуш, Азамат Аманидиновго 2 добуш, Кудайберди Айтбосуновго 1 добуш берилди. Муну менен Чыпалак баатыр каймана аты менен таанымал болгон Зарылбек Аликенов оюндан кетүүгө аргасыз болду.

Ошентип бир командада 7, экинчи командада 6 оюнчу калды. Кийинки кезек кимде?

"Кызыл кемсел" командасында:

Азамат Мамбетов, Замира Хатамова, ырчылар Саниа, Айгерим Эшим, Марс Мамаев, Калыс Жакыпов, Шерхан Абкулов.

"Көк кемсел" командасында:

Азамат Аманидинов, Айгерим Ибрагимова, Деңиз Маданбеков, ырчылар Нуркыз Кожонова, Назэль, Кудайберди Айтбосунов.

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган.

Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу жана "Bizon" энергетикалык суусундугу. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.






Чыпалак Баатыр Жылаңач Баатыр боло албадыбы? Ким кетти? (2-күн)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
17.09.2019. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чипа хит болом деп,ит болуптурда
17.09.2019. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чипаны кетирбей эле турбайт беле. Кызыктуураак болмок
17.09.2019. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Aimani,Чипа жок эми кызыгы деле жоок
17.09.2019. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
100 минди мен утам "демэкчимин", деп жатты эле. Байкушка ичим ачышты.
17.09.2019. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал жакта не справедливость жактары коп экен
17.09.2019. 05:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул оюнунарды Баткенде уюштурсанар сонун болмок экен
Ошондо кимдер катышканын корот элек
SUPER.KG видео
17.09.2019. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Согунбой суйлшпойбу
17.09.2019. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чек арага жөнөткүлө
17.09.2019. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чон чон эжелер да журотко жаштарды алып барбапсынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: