super.kg logo

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоору: Катышуучулар курсагы ачып жатканын айтып, нан сурай башташты

 

Кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу уюштурулуп жаткан "Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоу долбоору уланууда.

Долбоордун 2-күнүндө оюнчулар кезектеги сынак эмне экенине кызыгышып, бул ирет жеңүүчү командага эмне берилет болду экен деп өз ара сүйлөшүп отурушту. Катышуучулардын көбү курсактары ачып жатканын айтышып нан, ысык чай берилсе деген ойлору менен бөлүштү.

Мындан тышкары, алар телефонсуз, интернетсиз жашоо кызыктуу болуп бири-бирине көбүрөөк убакыт бөлүп жатканын билдиришти. Түндө эки команданын оюнчулары чогулуп отурушуп, оюн ойношкондугу тууралуу кеп кылышты. Андан кийин каалоочулар сууга түшсө, айрымдары көл жээкти аралады.

Сынак SUPER TV тарабынан "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулган. Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу 14-сентябрда Ысык-Көлгө барган. Андан соң оюнчулар чүчү кулактын негизинде "Кызыл кемсел" жана "Көк кемсел" деген эки топко бөлүнүшкөн.

Реалити-шоунун катышуучулары 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашайт.

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган.

Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу жана "Bizon" энергетикалык суусундугу. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.09.2019. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колдо Эми жей турган не калды тобо алмадан башка. Орустардын проектериндей кыш болбогон аралдарга алып барышса кызыктуу болмок экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: