Кыргыз-Тажик чек арасындагы ок атышууда каза болгон Равшан Муминовдун сөөгү бүгүн жерге берилет
Кыргыз-Тажик чек арасындагы ок атышуудан улам каза болгон "Бөрү" отрядынын прапорщиги Равшан Муминовдун сөөгү бүгүн, 17-сентябрда жерге берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, Муминовдун сөөгү Лейлек районунун Исфана шаарында жерге берилет.
Каза болгон Равшан Муминов 41 жашта болчу. Ал Максат чек ара бекетинде кызмат өтөп жаткан, артында аялы, 3 баласы калды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Айлансын ар бир уулуң чагылганга!