super.kg logo

Кыргыз-Тажик чек арасындагы ок атышуудан каза болгон чек арачынын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

 

Кыргыз-Тажик чек арасындагы ок атышуудан каза болгон чек арачынын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

"Тажик тарап кыргыз тараптын курулуш иштерин токтотуу боюнча кайрылуусун кабыл албастан, ишти уланта берген. 16-сентябрь күнү саат 19:20 чамасында Кыргыз жарандары футболдук аянтчага контейнер коюп баштаган. Болжолдуу саат 19:40 чамасында Кыргыз-Тажик чек арачыларынын ортосунда чыр чыгып, тажик тарап биринчи болуп ок аткан. Ошондой эле Максат айылынын такталбаган жерде жайгашкан жашоочуларына да ок чыгарышкан. Андан кийин тажик тараптын чек арачылары Максат айылындагы чек ара постуна да ок аткан.

Мындан улам, Кыргыз тараптан бир аскер адамы каза болуп, 7 аскер адамы жана 6 айылдын жашоочулары ар кандай жаракаттарды алышкан.

Бул фактылар боюнча Лейлек РИИБи Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене "адам өлтүрүү" менен сотко чейинки өндүрүшкө алышкан. Ал эми 17-сентябрда Максат айылындагы мектептин имаратына жана турак үйлөргө атылган октор боюнча дагы кылмыш иши козголуп, "адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.Тергөө ишинин көлөмү чоң болгондуктан, башкы прокурордун орун басарынын токтому менен мекеме аралык тергөө тобу тузүлдү. Ага Аскер прокуратурасынын, Баткен облустук гарнизонунун, Баткен ОИИБинин жана Лейлек РИИБинин кызматкерлери кирди. Учурда тергөөчүлөр тобу иштеп жатышат. Ошондой эле тергөөчүлөр Максат айылындагы мектептен жана үйлөрдөн далил буюм катары окторду алышкан", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
18.09.2019. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кимге козголду кылмыш иши? Же тажиктерди сыртынан камайсыңарбы?)) Апендилер, че толк эми ага иш козгогондун!
18.09.2019. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кылмыш ишин козгогондо кандай, аткан тажикти таап жоопко тартасынарбы ээ?
18.09.2019. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Толк чыкпайт баары бир
Muslim_KGstana. түзөттү 2019-09-18 19:41:37
18.09.2019. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Командирлер кыздардай болуп шымын кармалап тура беришет тигилер атканча. Тандалма жоокерлерди койуш керек ал жакка Дайыма алар биринчи атып кетишет силер атпайсынарбы ок азбы же
18.09.2019. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жок дегенде төлөтүп көргүлө, бузулган мектеп,вышканы
18.09.2019. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жөн эле сөз да
18.09.2019. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынбы калппы Алардан 3 аскер каза болуптур.
18.09.2019. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дух жок аларды атканга, жей эле бербей аракет болобу оо бийлик.куралдуу кучтор качан кучтуу болот?
19.09.2019. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кылмыш ишин козгогон жооптуулар тергейт. силер бул жерде сот, прокурор боло бербегиле
19.09.2019. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чек араны 2.3 айга жаап турсалар эч ким ачка калбастыр. Ошондо тажикистанда бензин солярка көтөрүлүп, Мөмө жемиштери ирип чирип калганда өздөрү эле келип жалынып баштайт. Жалынганды жайына койгон көпкөндү жайына койгон калк болот булар. Биз өткөзбөй койсок өзбек эчтекесин өткөзбөйт. Кайра аларга сатат.
19.09.2019. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тажиктерден ушул өлүм үчүн кас алыш керек. Жөн гана аткезчилердин товарын өткөрбөй чек араны жаап коюш керек. Алардын бизнесинден жалпы элдин кызыкчылыгы жогору турат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: