super.kg logo

Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулунун иши Алматы шаарында кайра каралды

 

Алматы шаарынын апелляциялык соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулунун иши боюнча кайрадан тергөө иштерин баштады. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Биринчи инстанциянын соту Дамирбек Асылбек уулун 10 жылга эркинен ажыраткан. Аны “улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топту түзүү жана жетектөө” , “экономикалык контрабанда” беренелери боюнча кылмыштарга күнөөлүү деп табышкан. Экс-депутаттын жактоочулары сотту кайра кароого өтүнүч жиберишкен. Өтүнүч кабыл алынып, 19-сентябрда эки тараптын өкүлдөрүнүн катышуусунда сот болуп өттү.

Жактоочу тарап мурда суракка келбей калган күбөлөрдү чакырууну өтүнсө, жабырлануучу тарап болгон Алматынын мамлекеттик кирешелер боюнча департаментинин өкүлү 99 миллион теңге келтирген чыгымды төлөп берүүсүн суранган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: