super.kg logo

Интернеттен көргөн рецепт боюнча бадырак жасап көрөм деп кытай кызы каза болду (видео)

 
Бадыракты жасоо жолун көрсөткөн жана кырсыкка алып келген видеодон стоп-кадр.

Кытайда 14 жаштагы Жеже аттуу кыз YouTube'дан көргөн рецепт боюнча бадырак (попкорн) жасап көрөм деп каза болду. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазып чыкты.

Видеохостингде Ms Yeah деген блогердин ролигинде бадыракты жасоо ыкмасы көрсөтүлгөн. Ал калай банкага жүгөрүнүн данын салып, аны спирт менен күйгөн отко жылытат. 14 жаштагы Жеже дал ушул ыкманы 12 жаштагы Сяоюй аттуу курбусу менен кайталамакчы болуп көргөн. Бирок кыздар спирттин ордуна күйүүчү майды калай банкага куюп, жылыта башташкан. Өрттөн чыккан учкун өспүрүмдөрдүн кийимине заматта өткөн. Айрым маалымат булактарында кыздар калай банканы эмес, башка металлдагы банканы жылыткан деп жазышууда. Ал ысытуу учурунда жарылып кеткен. Жыйынтыгында кыздар катуу күйүк алышкан.

Жеженин денесинин 96 пайызы күйүк алып, ал ооруканада каза болгон. Ал эми курбусу аман калганы менен учурда пластикалык операцияга муктаж. Блогер Ms Yeah каза болгон кыздын үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берүүгө макул болду. Сяоюй менен сүйлөшүүлөр аягына чыга элек. Блогер роликте көрсөтүлгөн ыкма боюнча жасашпаганы үчүн кырсык болгонун, ошондой эле анын бардык роликтеринде өз алдынча кайталабоо керектиги жазылган эскертүү коштолорун билдирген. Ага карабай, ал күйөрмандарынын алдында кечирим сурап, мындай окуялар кайталанбашын алдын алуу максатында видеону өчүрмөк болду.

Ms Yeah'дин роликтери YouTube'да жана Кытайдын социалдык тармактарында аябай популярдуу. Ал кол алдындагы эле каражаттар менен кеңседе отуруп алып тамак жасайт. Анын YouTube каналында 7 миллиондон ашык жазылган колдонуучусу бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.09.2019. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы жасаган экен эле
21.09.2019. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кытайларга экен, эч нерсе эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: