super.kg logo

Ырчы Марс Мамаев Санианы көлгө көтөрүп түшсө, жигиттер Кудайберди Айтбосуновго жабылып кетишти (сүрөт баян)

 

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоорунун 8-күнү катышуучулар үчүн кызыктарга, күтүүсүз окуяларга бай күн болду. Дегенибиз долбоордун биринчи этабы аяктап, командалар жоюлду. Эми ар бир катышуучу өзү үчүн күрөшө турган баскыч старт алат.

Командалар ортосундагы таймаштын акыркы күнүндө оюнчуларга атайын тегерек болуп тигилген кездеме берилди. Анда команданын бардык оюнчусу ошол кездеменин ичине кирип алып, маараны айланып өтүштү. Экинчи айлампада ар бир оюнчунун колуна чийки жумурткалар берилип, алар жумуртканы сындырбай ошол эле мезгилде маараны дагы бир ирет айланышты. Жыйынтыгында "Көк кемсел" командасынын оюнчулары биринчи болуп маарага жетип, жеңишти камсыздашты.

Оюн аяктагандан кийин "Кызыл кемсел" командасынын жигиттери Марс Мамаев менен Шерхан Абкулов "көк кемселчендердеги" Кудайберди Айтбосуновго жабылып кетишти. Алардын бири-бирине тиш кайраганы тамаша экенин билдиришти.

Кол тийбестик тумары "Көк кемсел" командасына тапшырылды. Жеңиш ээлери таймаштан кийин кум жээкте утуп алган тамак-ашын жеп, оюн тууралуу кеп курушту. Ал эми утулуп калган команда тез даярдалуучу кесмени казанга башырып, курсак тойгузуп, күч топтоонун амалын көрүштү.

"Кызыл кемсел" командасынын жигиттери сергип алуу үчүн көлгө түшүштү. Алар кум жээкте жүргөн команда мүчөсү Замира Хатамованы жаштарга кошулуш керек деп көтөрүп барып сууга салды.

Ырчы Марс Мамаев чатырда жатып, сууга түшүү үчүн кыздарды күттү. Ал көл жээкке келген Саниа менен сууга түшкүсү келип, сунуш киргизди. Бирок Саниа баш тартып койгондуктан, Марс Мамаев аны көтөрүп алып сууга алып кирди. Ал эми Назэлди сууга салабыз деп аркасынан кууган Шерхан Абкулов мүдүрүлүп кетти.

"Көк кемсел" командасынан биринчи болуп Зарылбек Аликенов, экинчи болуп Нуркыз Кожонова, андан кийин Деңиз Маданбеков жана Азамат Аманидинов четтетилген. "Кызыл кемсел" командасынан Азамат Мамбетов жана ырчы Айгерим Эшим кеткен.

Сынак SUPER TV тарабынан "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулган. Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу 14-сентябрда Ысык-Көлгө барган. Реалити-шоунун катышуучулары 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашайт.

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган.

Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу жана "Bizon" энергетикалык суусундугу. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.






"Эже, жаштарга кошулуш керек". Катышуучу жигиттер Замира эжесин кайда сүйрөп кетишти? (8-күн)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
SUPER.KG видео
23.09.2019. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер, оюндан эркек кетсин, кыз кетсин деп алдын ала айтканыңар жаккан жок, чындап оздору каалаганына добуш берсе болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: