super.kg logo

Казакстанда уюшкан кылмыштуу топ адам органдарын мыйзамсыз алмаштырып, сатуу менен алектенип келген. Кыргыз өлкөсүнүн жарандары да донор болушкан

 

Казакстандын Ички иштер министрлиги адам органдарын мыйзамсыз трансплантациялоо менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө чек койду. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.

Казак ИИМинин криминалдык полиция департаментинин башчысы Арманбек Баймурзиндин айтымында, 2019-жылы Казакстанда адам сатуу боюнча 141 кылмыш иши козголуп, анын 59у адам органдарын сатууга байланыштуу болгон.

"Казакстанда медицина акыркы жылдары адам органдарын трансплантациялоо тармагында чоң секирик жасады. Бул албетте, уюшкан кылмыштуу топтордун бат жана оңой акча табуу кызыкчылыктарын жаратпай койбойт. Ушул жылы 2017-жылдан тарта Казакстанда адам органдарын мыйзамсыз алмаштыруу жана сатуу менен алектенген уюшкан топтун ишмердүүлүгү токтотулду. Алардын катышуусу менен 57 мыйзамсыз трансплантациялык операция жасалган. Кылмышкерлер Казакстанга донорлорду израилдик кардарлар үчүн Украина, Өзбекстан, Кыргыз өлкөсүнөн табышып, бөйрөк алмаштыруу операцияларын жасашкан. Азыр териштирүү иштери жүрүүдө. Кылмышкерлердин кирешеси болжол менен 10 миллион долларды түзгөн. Медицина кызматкерлери кылмышкерлер менен бирге донорлорду өз ара "эт" деп аташкан", - дейт Арманбек Баймурзин.

Бул факты боюнча белгилүү казакстандык трансплантолог Ганы Куттымуратов органдарды мыйзамсыз алууга шектелүүдө. Дарыгерге 2019-жылдын 1-майында адам органдарын мыйзамсыз алуу боюнча кылмыш иши козголгон. Аны менен бирге донорлорго котормочу болгон аял да камакка алынган. Ал аял Кыргыз өлкөсүнөн экени айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
23.09.2019. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Дагы кайсы байкуштар донор болуп кетти экен,кайдасын деген передачаны корсон жоголгон Кыргызстандыктардын кобу Казакстанга кетип келбей калгандар,мен ойлочумун кээ бир акмактар кул кылып алышкан го деп,корсо адамдын органдары м.н бизнес кылган бандиттер дагы бар турбайбы,иштоо учун Казакстан м.н Туркияга баруу ото кооптуу,эркектер жонокой кул болсо кыздар сексуалдык кулчулука сатылып кетиши мумкун.
23.09.2019. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биз де ошол кылмышкер колго тушсо да азыр .аны сот кылмыш кер дебей шектуу кармалды М Ф колго туштуу деп айтмак.почему?потому,бизде кайра ошол адам кара болсо да ак болуп чыгып кетишке бир жол болот.
Nurik929394nur түзөттү 2019-09-23 16:40:17
24.09.2019. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эттен далай акча табышып байып аткан экен да Эргулдар.
24.09.2019. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Темада "Кыргыз олколорунун" деп турат. Ошондо кыргыздын олкосу коп болуп, б.а. бир канча кыргыз олкосу болуп калабы? Же кыргыз олкобуз ошончолук кобойгонбу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: