super.kg logo

Сөөгүн өрттөп, көмүп салган. Ошто агасын өлтүрүүгө шектелип, маркумдун 23 жаштагы иниси кармалды

 

Ош шаарында бир тууган агасын өлтүрүп, ээн талаага алып барып машинанын дөңгөлөктөрү менен өрттөп салганга шектелип, 23 жаштагы маркумдун иниси кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарына караштуу Төлөйкөн айылынын 28 жаштагы тургуну А.Ж. жакындары тарабынан өлтүрүлүп, үйүнүн батыш тарабында жайгашкан ээн талаага көмүп салгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ал эми маркумдун жакындары аны "Орусияга иштегени кеткен" деген маалымат берип келишкен.

"Ыкчам иликтөө иштеринин негизинде кечээ, 23-сентябрь күнү адам өлтүрүүгө шектүү катары Төлөйкөн айылынын 23 жаштагы тургуну кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө жасаган кылмышын моюнуна алган. Шектүү бир тууган агасын өлтүрүп, ээн талаага алып барып, машинанын эски дөӊгөлөктөрү менен кошо өрттөп, өлүктүн калган калдыктарын көмүп койгондугун айтып берген.

"Агам кичине кезимден баштап мени көп келекелеп, көпчүлүктүн көзүнчө шылдыӊдай берчү. Көп ирет колу тийген. Ал тургай апамды, карындашыма дагы кол көтөрчү. Былтыр сентябрь айында дагы мас болуп колуна ичимдиктерди көтөрүп келди. Карындашым, апам анын кылыгын билип, үйдөн качып кетишиптир. Келип эле мага тийишип, ура баштады. Мен ачуу үстүндө бөлмөдө турган көсө темир менен башына чаап жибердим. Агам жерге жыгылып, дем албай калды. Мен анын өлүгүнөн кутулуу үчүн талаага алып барып өрттөп, ошол жерге көмүп койдум. Сурагандарга "Орусияга кетти" деп койгом", - деп көрсөтмө берген шектүү.

Бул факты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан "адам өлтүрүү" беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.09.2019. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кудай сакта.Жашоонун түз кыйшык жолдорунда бир тууган бири-бирине жөлөк болот дешчү эле.ТООБО кылдым.
24.09.2019. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асылбек уулу Жолдошбай дейт го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: