Баласын жоготкон эне: "Баламдын жоголуусуна өзүмдү күнөөлөп, өз өмүрүмө кол салам деген да ойлор болду" дейт








Бүгүн, 24-сентябрда "SUPER MEDIA" пресс-борборунда 4 жыл мурда жоголгон баласын издеген эне жардам сурап коомчулукка кайрылды.
Сабира Каратаева 4 жылдан бери дайынсыз жоголгон баласы Бактыбек Өмүралиевди издеп барбаган жери, какпаган эшиги калбаганын айтат. Ал баласын кантип жоготконун айтып, сөздү башынан баштады. Баласы жоголгон убакта кайдыгер мамиле кылган укук коргоо органдарына болгон нааразычылыгын айтты.
"Балам 8-класстан баштап талма (эпилепсия) оорусу менен жабыркап келет. Баламдын көзүн карап калдым. 28ге чыгып калганда чоң молдолорго дем салдыралы деп 2015-жылы Бишкекке бардык. Учкун кичи районунда жашаган бир тууган эжемдин үйүндө түнөп, Воронцовкага барып дем салдырып жаттым. Молдо 5-6-7-күндөрү келбегиле, биринчи күнү келгиле деди. Балам 3 күн бою үйдө жөн эле отура беремби деп айтып калды. Ошол күнү төшөгүн да жыйнабай кетиптир. Мечитке издеп бардым, көчөдөн да издедим. Жыйынтык чыкпаган соң Свердлов РИИБине барсам алар "адам жоголсо 3 күнгө чейин карабайбыз, балким, балаңыз достору менен жүрөт же кыздар менен жүрөт" деп койду. Ал кыздар менен жүрө турган бала эмес ооруйт, эпилепсиясы да бар, унутчаак, паспорту менде, Аламүдүн-1 тараптан жоголду. Аламүдүн-1деги кесиптештериңерге чалып койгулачы десем "сиз бизге үйрөтпөнүз!" дешти. Ооба деп коюп, эч бир аракет кылышкан жок. Өз алдымча көчөлөрдү жөө кыдырып издедим. Барбаган жерим калган жок", - дейт ал.
Баласын издеген эне 4 жыл ичинде баласын издеп ар түрдүү алдамчы, көз боёмочулардын дагы курмандыгы болгонун, уулунун жоголуусуна өзүн күнөөлөп, өз жанын кыюуну да ойлонуп көргөнүн айтат.
"СИЗОдон да адамдар алдап чалышчу "бул номерге эки миң сом салып койсоңуз балаңызды алып келип беребиз" деп, ишенип алып баламды алып келет деген ой менен он миңден ашуун акчаны салып бериптирмин. Кээде баламдын жоголуусуна өзүмдү күнөөлөп, өз өмүрүмө кол салам деген учурлар да болду", - дейт уулун издеген эне.
Боздогон эне уулун кимдир бирөөлөр ден соолугунун начар экенинен пайдаланып, кулчулукта иштетип жүрөт деген ойдо.
"Баламды кимдир бирөө мал бактырып иштетип жүрсө керек деп ойлойм. Бардык көзү ачыктарга барып көрдүм. Көпчүлүгү малга жакын жүрөт, мал карап иштеп атат деген божомолдорду айтышты. Коомчулуктан дагы бир жолу суранат элем, көргөн-билгендер болсо кабар берип койсоңор. Эгер кимдир бирөөнүн колунда иштеп жүрсө, дайынын билдирип койсоңор силерге рахматымды гана айтмакмын. Баламды талаага чыгарып койбогула суранам", - деп коомчулуктан жардам сурады ал.
Баласын жоготкон эне укук коргоо органдарына нааразы






1 |