super.kg logo

Индиянын премьер-министри тазалык кампаниясы үчүн Билл Гейтстин колунан сыйлык алды

 

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди өлкөдөгү тазалык кампаниясы үчүн Билл Гейтсттин колунан сыйлык алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.

Маалыматтка ылайык, "Global Goalkeeper Award" сыйлыгын премьер-министрге Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтст Нью-Йоркто өтүп жаткан Бириккен улуттар уюмунун генералдык ассамблеясынын кезектеги сессиясында тапшырган.

"Махатма Гандинин тазалык боюнча кыялдары реалдуулукка айланып жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун "Таза Индия" кампаниясы 300 миң адамды ар кандай оорулардан сактап калган. Мындан өткөн жакшы нерсе жок болушу мүмкүн", - деди Моди.

Индия өкмөтү Модинин жетекчилиги алдында 2014-жылы "Таза Индия" кампаниясы өз ишин баштаган. Бул кампаниянын максаты - 2019-жылдын 2-октябрына чейин Махатма Гандинин 150 жылдыгына карата өлкөнү таштандылардан тазалоо. Акыркы жылдарда өнүгүү үчүн миллиондогон каражаттарды жумшаганына карабастан, Индиянын шаарлары рейтинг боюнча лидер шаарлардын аягында, планетадагы эң кир жер бойдон калууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
25.09.2019. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айжанар Рысбек кызы кампания эмес компания го дейм же ушундай жаны соз чыкты беле чыкса айтып койгулачы пожалуйста
26.09.2019. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
landysh, озун таза кыргызча суйлоп анан бироону сындасан жакшы болот эле.
26.09.2019. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
landysh, бул жерде кампания сөзү туура колдонулган, ал эми сиз айтып жаткан компания, ал башка мааниге ээ
Модератор Эльвира Караева түзөттү 2019-09-26 09:48:59
26.09.2019. 07:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул сайтка сабатсыз журналисттер толуп кетиптир го. Эң эле оңой компания сөзүн кампания деп сөйрүйүп. Техникалык эмес, өзүнүн эле чала сабаттыгы!
26.09.2019. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lazygirl, бул жерде кампания сөзү туура колдонулган, ал эми сиз айтып жаткан компания, ал башка мааниге ээ
Модератор Эльвира Караева түзөттү 2019-09-26 09:49:07
26.09.2019. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уят эле болдуңар, алгач өзүңөр компания менен кампаниянын маанисин түшүнүп алып анан бирөөгө сын жазсаңар. Жамандын өзү тең болбосо дагы сөзү тең боло бербей!
26.09.2019. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу "Соңку кабардын" окурмандары болгон landysh, lazygirl, Chupakabra. Кабарда "кАмпания" деп туура жазылган, ал "кОмпания" эмес. Кампания - бул кайсы бир маанилүү коомдук-саясий же чарбалык милдеттерди аткаруу чараларынан турат. Мисалы шайлоо учурунда үгүт иштерин, үгүт кампаниясы дейбиз. Түшүндүрмө үчүн рахматтар купуяга кабыл алынат :)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: